Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта өлкө аймагына кирген транспорт каражатынын бажы төлөмү көбөйө турганын эскертти. Мына ушундан улам унаа баасы 11 эсеге жогорулашы ыктымал. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден алып келинген автоунаанын бажы төлөмү боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартуу маселесин талкуулап баштады.

Быйыл июль айында Экономика министрлиги жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн 5 жылга узартуу боюнча долбоор иштеп чыкканын билдирген. 9-октябрь күнү Мамлекеттик бажы кызматы быйыл ал мөөнөт аяктай турганын айтты . Министр Санжар Муканбетов ЖК жыйынында бул маселе боюнча буларга токтолду: «Жумушчу топ маселени талкуулап жатат, анын ичинде аталган мөөнөттү дагы үч жылга чейин узартуу да бар. Тобокелдиктер көп. Казакстандык жана россиялык автоөндүрүшчүлөр бар, демек, ЕАЭБде чыккан продукциянын гана сатылышына кызыкдар тараптар болот. Биз демилгебизди алдыга жылдыра беребиз. Азырынча биздин сунуш Евразия экономикалык комиссияга киргизиле элек. Себеби, азырынча убакыт бар, демилгебизди айтар убактыбыз белгисиз. Чечим өкмөттүн деңгээлинде кабыл алынат«