Москвада кырсыкка кабылган Анарбек уулу Чыңгыздын жактоочуcу билдирет (ВИДЕО)

«Замандаш» саясы партиясынын маалымат катычылыгы Москва шаарында кырсыкка кабылган Анарбек уулу Чыңгыздын абалы тууралуу жана соттун чечимин  жактоочусу Токтошев Мирбек Сталбекович маалымат бергенин кабарлады. Эске сала кетсек, «Замандаш» партиясы Москвада кырсыкка кабылган Чыңгызга биринчилерден болуп жардам көрсөтүп, көпчүлүкө үлгү көрсөттү.

Москвада кырсыкка кабылган Анарбек уулу Чыңгыздын жактоочу билдирет (ВИДЕО)

«Замандаш» саясы партиясынын маалымат катычылыгы Москва шаарында кырсыкка кабылган Анарбек уулу Чыңгыздын абалы тууралуу жана соттун чечимин  жактоочусу Токтошев Мирбек Сталбекович маалымат бергенин кабарлады. Эске сала кетсек, «Замандаш» партиясы Москвада кырсыкка кабылган Чыңгызга биринчилерден болуп жардам көрсөтүп, көпчүлүкө үлгү көрсөттү.

“Замандаш” СП төрагасы Ж.Молдокматов: “Москва шаарында кырсыкка кабылган Чыңгызды биз көнүл сыртында калтырбайбыз”.

Үстүбуздөгү жылдын 16-июнунда Москва шаарында Анарбек уулу Чыңгыз аттуу жараныбыздын жумуш учурунда кырсыкка кабылып, капысынан жол чекесиндеги адамдарды унаасы менен коюп кеткендиги бүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири тарап, Анарбек уулу Чыңгыз ушул тапта камакка алынып, сурак иштери жүрүп жатат. Кырсык болгон күнү Чыңгыздын апасы Зумураткан Мунапбаева дароо Москва шаарына жөнөп кетти.
“Замандаш” саясий партиясынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда партиянын Россия Федерациясы боюнча өкүлү Акбар Маразыков жана Москва шаары боюнча өкүлү Марат Исаевдер адвокат жалдоо жана каржылык колдоо көрсөтүүнү колго алышты. Ал эми партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов Чынгыздын бир тууган агасы Алмаз менен жолугуп, финансылык жактан көмөк көрсөттү.
Партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдиргендей, кырсыкка кабылган Чыңгыздын иши көңүл сыртында калбайт жана Чынгызды бул оор ахыбалдан чыгаруу үчүн “Замандшчылар” болгон аракеттерин жумшашмакчы.

Кипрден ажал тапкан Садырдын ата-энеси: уулумду 8 жолу бычактап, ыргытып ийишкен

Маңдайымда эрезеге жеткен уулун жаңы эле жерге берип каңырыгы түтөп турган ата-эне отурду. Алар баласын Кипрде белгисиз кишилер бычактап, төртүнчү кабаттан ыргытып ийгенин айтып боздойт.

Кипрдын Kibris Gazetesi гезити 24-май күнү Гирне шаарында кыргызстандык жаран жандандыруу бөлүмүндө жатканын жазган. Маалыматта ал 4-кабаттан кулаганы жана денесинде бычак издери болгону айтылат. Тилекке каршы ал төрт күн бою өзүнө келбей ооруканада үзүлгөн.

Бейажал кеткен уулунун сырдуу өлүмү иликтенбей жатканына тынчсызданган маркумдун атасы Алымбек Баатырбеков менен апасы Рима Баатырбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.

27 жаштагы Садыр Алымбеков мындан бир жарым жыл мурда чет өлкөгө кетип, мейманканада тейлөө жаатында иштеп жүргөн. Апасынын айтымында, кырсык ал өзү жашаган үйдүн террасасында болгон.

Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун апасы Рима Баатырбекова

«Бейтааныш кыздар чалып «балаңыз кароосуз калган жерден табылды, абалы оор» деп айтты. Угаарым менен Кипрге учуп бардым. Ооруканага сегиз жеринен бычак жеп түшкөнүн айтышты. Болгондо да бөйрөккө, жүрөккө, өпкөсүнө сайып, күрөө тамырын кесип туруп 4-кабаттан ыргытып ийишиптир. Буту, колу сынып, башына кан уюп, комада экен. Артымдан атасы келди. Ал эки саат баласынын жанында отургандан кийин үзүлдү», — деди Баатырбекова.

Ал ошондой эле баласын суицид жасады дегендерге нааразы болууда.

«Садыр бир адамга өйдө карап сүйлөбөгөн, шоктугу жок, элпек болчу. Муну жанында иштегендери да тастыктап берет. Биз барганда кеисптештери, достору, жетекчилери баш болуп жаныбызда жүрүштү. Ал информатика адистиги боюнча билим алып, андан соң Санкт-Петербурда төрт жыл иштеп келген. Орус, турк жана англис тилдерин билчү. Жашоого умтулуп, алдыга көп максаттарды койгон. Өз жанын кыймак эмес. Дарыгерлер «мындай бычак издери менен суицид жасай албайт» деп корутунду чыгарды», — деди апасы.

Маркумдун ата-энеси аларга биринчи кабарлаган эки кыздан шектенип жатышат. Анткени маалыматты бурмалап айтып, кийин байланышты үзүп койгон.

Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун атасы Алымбек Баатырбеков

«Полиция эки баланы суракка чакырыптыр дешти. Андан тышкары, уулум менен мурда чогуу иштеген украиналык эки кыз шек жаратып жатат. Алар «Садырды түнү бою издеп, эртең менен кароосуз калган жерден таптык» деген. Бирок ал өзү жашаган үйдүн террасасынан эртең мененки саат 8.10до кулап, 10 мүнөттөн кийин тез жардам алып кетиптир. Кыздар тынбай түрдүү маалыматтарды айтып турган. Бирок Кипрге барганыбызда телефонун да албай, жоголуп кетишти. Кулаганын биринчи көргөн киши «бала «тап» этип түшкөндө жогору жакты караганга дарманым болгон жок» деди. Андан башка эч ким көрбөптүр. Полиция террасага бизди киргизбей койду. Ушул кыздар билсе керек, алар менен жакшы иштесе айтып бермек. Учурда кылмыштын бетин ачууга кызыккан киши жок болуп, жаап коюуга аракет кылышууда», — деди атасы Баатырбеков.

Тышкы иштер министрлиги болсо Кипрде Кыргызстандын элчилиги да, консулдугу да жоктугун билдирди. Учурда бул иш боюнча тактоо иштерин Түркиядагы элчилик жүргүзүп жатат.

«Ал жактагы кыргыздарды караган ТИМдин кызматкери бар дешти эле аны таба албадым. Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусовго кайрылсам, Кипрге түздөн-түз консул жибере албайт экен. Бирок ага рахмат, кат жолдоп «колдон келген жардамымды берем» деп азыркыга чейин өзү байланышка чыгып кырдаалды түшүндүрүп жатат. Диаспоранын өкүлдөрү, кесиптештери чогулуп сөөктү Кыргызстанга жөнөтүштү. Мамлекеттен да «чет жакта биздин жаран киши колду болуптур» деп тыкыр көзөмөлгө алышын сурайбыз», — деди маркумдун апасы.

Мекендешибизге оорукананын эң күчтүү дарыгерлери алты операция жасаган. Алар аябай оор өткөнүн, ошол эле учурда Садыр жашоо үчүн катуу күрөшкөнүн белгилешкен.

«Дарыгерлер «балаңыз ушунчалык күчтүү экен. Жүрөгү үч жолу токтоп, кайра иштеди. Жашайын деп аябай тырышып, өлүм менен катуу кармашты» деди. Байкуш балам алы келбей кете берди окшойт. Ак халатчандар болгон күчүн жумшап, жанынан кетпей турушту. Аларга ыраазымын. Ал эми полиция балабыздын телефонун блоктон ача албай жатабыз дешти. Андай болсо тиги кыздар биздин номерди каяктан таап чалды? Туугандарыбыздын бирине ишеним кат калтырганбыз, ал биздин атыбыздан даттанат», — деди атасы.

Садыр Алымбеков өлүмүнөн эки күн мурда ата-энеси менен сүйлөшкөн. Ал адаттагыдай эле жайдары маанайда сүйлөп, бир жарым айдан кийин келип, шаардан батир алып, андан кийин үйлөнүү ниетин айткан.

«Акыркы жолу «жакында барам, баарыбыз чогулуп эс алалы» деп, ары жакта унаа жууп жаткан атасы менен тамашалашып жарым сааттай сүйлөшкөнбүз. Кел эми үйлөнтөлү десек «апам кыз таап койсо барып алам» деп жылмайды эле. Достору менен да бир күн мурда сүйлөшүп, жакында үйлөнө турган досунун тоюн талкуулашыптыр. Келсе күйөө жолдош болмок экен. Анан «мени тосуп алгыла, үйгө сюрприз кылып барам» дептир. Санкт-Петербургдан келгенде да, отурсак эле дарбазадан ашып кирип терезени такылдаткан болчу. Мында да ушинтип сүйүнтөм деп жаткан экен да», — деп мүңүркөйт уулунан айрылган эне.

Садыр Алымбеков үч бир туугандын ортончусу болгон. Бишкектин четиндеги «Эне-Сай» конушунда жашачу. Анын сөөгү ошол жердеги мүрзөгө коюлду.

Булак:sputnik.kg

Бишкекте түрмө кайтарган аскер өзүн-өзү атып алды

Бишкектин четинде жайгашкан  Жаңы-Жердеги өмүр бою соттолгондор кармалган №19 колонияда нөөмөттө турган 18 жаштагы аскер өзүн өзү атып алганы  тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады.

Окуя 6-июнда болгон. Аскер өз куралын ээгине такап туруп атып салган. Аталган факт боюнча учурда тергөө амалдары башталды.

Быйыл жазында аскерге чакырылган  жоокер Оштун Жапалак айылынын тургуну болгон. Окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Абдылдаев: Кытай элчилигине жер бөлүү боюнча ички макулдашуу жүрүп жатат

Кытайдын элчилиги үчүн 3 гектардан ашуун жер бериле тургандыгы буга чейин кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланган. Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапарында өлкөнүн элчиликтери үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча келишимге эмне үчүн кол кол кюлбай калгандыгынын себебин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев түшүндүрдү. Бул келишимдин тегерегинде ички макулдашуу жүрүп жатат. Андыктан келишимге кол коюу кийинкиге калды.

 

 

Уялчаак депутат Жолдошбаевдин эбегейсиз чоӊ хан сарайы (Видео)

“Kaktus.media» агенттиги эл өкүлүнүн жашоо-турмушуна кызыгып, иликтеп жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай  Камчыбек Жолдошбаев учурда Бишкектин Ашырбек Бакаев көчөсүндөгү  2, 5 гектар жерди ээлеген хан сарайда жашайт экен.

Жолборсту жетелеп жүргөн кишинин сүрөтү интернетке тарады

Ырчы Асел Кадырбекова жолборсту жетелеп жүргөн кишинин сүрөтү интернетке жүктөп: «бирөөгө кол салса эмне болот» деп тынчсызданды.
Сүрөт Бишкек шаарындагы Түштүк Магистраль көчөсүнөн тартылган.
Учурда жолборс кимге, кайсы зоопаркка тиешелүү экени айтыла элек.

10 жаштагы кызды 4 жашар торпок сүйрөп кетип каза болду

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда 10 жаштагы кызды 4 жашар торпок сүйрөп кетип каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  кызды үй жаныбары 150 метрге чейин сүйрөп кеткен. Алган жаракатынан улам ал каза болду.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси аны уй кайтарганга жиберген. Кырсык болгон маалда кыз бала торпогунун мойнунан байланган аркан жиптин аягын белине байлап алганы маалым болду. Тартип сакчылары балага жипти байлоо тууралуу кеңешти ким бергендигин такташууда.

Бишкекте жаштар ала качып бараткан кызды сактап калышты (Видео)

Кечээ күнү Бишкекте бир канча жигит күч колдонуу менен кыз ала качып баратканын  Tolkun Kyzaevaаттуу жаран көрүп калып, жанындагыларды жардамга чакырып, кызды сактап калышкан.  Андан соӊ, милицияга кабар берген. Ал бул тууралуу өзүнү соц. баракчасына орусча жазып, тартып алган тасманы жарыялаган.

«Ещё не отошла от страшной истории с Бурулай, которую зверски убил похитивший ее нелюдь,а сегодня стала свидетелем кражи девушки у Университета туризма на пр Чуй. Несколько парней буквально волокли бедную девушку и запихали в машину. Мимо проезжавшие водители побросали свои машины и побежали вызволять девушку. Особенно грамотно повёл себя мужчина в очках, спасибо ему огромное. Он поставил свою машину прямо перед ними, заблокировав тем самым выезд их машины, вытащил девушку, тут на подмогу прибежали ещё люди и пошёл говорить с этими уродами. Эти уроды закрылись в машине, выйти побоялись, так и продолжали сидеть в машине. На призыв выйти из машины и поговорить по-мужски эти выродки прятали лица. Поскольку у меня в салоне находились перепуганные внуки, мне пришлось быстро вернуться в машину,убедившись, что девушка цела и невредима. Она очень горько плакала. На вопрос одной из женщин она ответила, что знает этих парней. Я вызвала милицию, порадовалась, что на том конце провода девушка мгновенно отреагировала, сказав, что машину отправляют немедленно. Мне звонили весь вечер из милиции, уточняли детали. Хотелось бы узнать конец этой жуткой истории. На фото номер машины этого несостоявшегося «женишка» и его дружков. Надеюсь наши органы отреагируют правильно на столь вопиющий случай, произошедший ранним вечером в очень многолюдном месте».

Жогорку Кеӊеште маркум Темир Жумакадыровдун ысымын Бишкектеги Жаштар аллеясына берүү сунушталды

Бүгүн Жогорку Кеӊеште Ар кандай маселелер учурунда депутат Руслан Казакбаев өзүнө келип түшкөн кайрылууну окуп берди. Ал кайрылууну депутатка Ысык-Көлдөгү, Бишкектеги бир катар коомдук уюмдар жолдогон. Анда  маркум Темир Жумакадыровдун ысымын Бишкектеги Жаштар аллеясына берүү сунушу айтылган. Депутат дагы бул сунушту колдоого алуу керек деген оюн айтты.

Эске сала кетсек, Жумакадыров 3-4 жылдай Коопсуздук кеӊешинин катчысы, кийин жаӊыдан вице-премьер болуп иштеп турганда былтыр Таласка баратып, жол кырсыгына кабылып, каза тапкан. Артында үч кызы калды. Жубайы жакында анын атынан фонд түзүп чыккан.