—Талант мырза, алгач  сиз жетектеген ишкана тууралуу окурмандарга жалпы маалымат берсеӊиз?

— “Кыргыз китеп” ишканасы 2014-жылы өкмөттүн буйругу менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында түзүлгөн. Ал жылы бул ишканага Атамбеков деген жигит дайындалган. Ал болсо он бештей адамды жумушка алып алган. Кызыгы жаӊы түзүлгөндө имараты ж.б. керектүү нерселери жок экен. Министрликтин бир бөлмөсүн сурап олтуруп атышкан, бирок ал жерден да кууп жиберишкен. Алгач уюштуруу иштерине деп 3 миллион сом бөлүнгөн экен, ошол акчаны чекесинен кемирип,  эптеп күн кечирип  келишкен да. Кызматкерлер  жарым жылдап айлыгы жок олтурушуптур. Атамбеков арыз жазып, иштен кетип калыптыр. Мен бул ишканага  жетекчи болуп 2015-жылы июлда дайындалдым. Ал кезде министр  Алтынбек Максүтов болчу. Министрге айтып, суранып жатып К. Баялинов атындагы балдар китепканасынан эки-үч бөлмөлүү кеӊсе алдык. Бир жакшы жери ижара төлөбөйбүз. Анткени, бул китепкана деле министрликке карайт да.

—2015-жылдан бери силер тараптан кандай иштер аткарылып жатат?

—Кандай иш кылалы десек да, маселенин баары каражатка келип такалат да. Бизге бюджеттен атайын статья менен акча каралган эмес. Ошондуктан мен бир топ чоӊдордун эшигин жыртып акча издедим. Ак үйдүн аппаратында ошол кезде бөлүм башчы болуп иштеп турган Мира Карыбаева биздин ишканага жылына 375 миӊ сом берип туруу боюнча токтомду тиешелүү мекемеден чыгартып берди. Биз ал акчаны Москва китеп көргөзмөсүнө жана бул жакта полиграфиялык көргөзмөгө гана пайдаланчубуз. Башка ишке пайдалана албадык. Себеби, талап ошондой эле. Ошону менен эки жылда эки китеп  көргөзмө өткөрдүк, жакшы болду. Авторлордун  китептерин республикага жайылтуу ишин баштап, ар бир районго китеп сатуу ишин уюштурдук, бирден сатуучу дайындап. Негизи буйрук боюнча  жергиликтүү бийлик жетекчилери  биздин ишканага имарат бермек. Беришкен жок. Көбүндө андай деле имарат жок экен. Биз Маданият министрлигинин алдында болгондуктан жер-жерлердеги китепканалар аркылуу китеп сатуу ишин уюштуруп, 33 китеп дүкөнүн уюштурдук. Бирок бир топ убакыт өтсө да,  биздин кызматкерлерибиз китеп сата алышкан жок. Чынында китептер өтпөй жатабы, же сата албай жатышабы деген маселе кабыргасынан коюлуп, биздин бир кызматкерибиз бүт райондорго, алыскы  Сүлүктүгө чейин барып келди. Текшерүүнүн жыйынтыгында чын эле китептер сатылбаптыр,  кызыгып алган киши жок экени аныкталды да. Бирок биз бир кызматкерди республиканы кыдыртып, командировка кылып жибергенибиз бизге чыгымдан башка пайда алып келген жок. Министрликтен да жергиликтүү бийликтегилерге, тиешелүү мекемелерге китеп сатып алуу тууралуу буйрук чыгартканыбыз менен ал маселе деле бизге пайда алып келген жок. Элде акча жок болсо, кайдан китеп алышат. Акчадан мурун чоӊ кызыгы  жок да, болсо да аз. Биздин элде көпчүлүк  сатып алса 300 сомго чейинки китептерди ичи оорубай алышат. Баасы 300 сомдон ашып кетсе ичи ооруп, албай коюшат. Бекер болсо, окуса да, окубаса да, керек болсо да, кереги жок болсо да колтугуна кысып алып кетип калышат. Мына ушул жагын абдан байкадык.

—Кыскасы, жер-жерлердеги  китеп сатуу иши — бир сөз менен айтканда өлгөн турбайбы. Андан кийин кандай кадамдарга бардыӊыздар?

—Бир айласы табылгандай болду. Каржы министрлигине караштуу Сатып алуулар боюнча иши Электрондук портал аркылуу жүргүзүлүп, сатып алуулар башкача ыкма менен кетпедиби. Ошентип биз жарыяланган тендерлерге катышып, утсак уттук, утпасак калдык  дегендей. Көбүнчө биз башкаларга салыштырмалуу арзаныраак беребиз. Азыр бизде декабрь айына чейин иш болот. Андан кийин ишибиз солгундап калат. Кыскасы, биздин ишкананы өзүн-өзү каржылаган ишкана болсун дешип, бюджеттен акча бөлбөй коюшту. Баягы Мира Карыбаева бөлдүргөн 375 миӊ сом өзү кызматтан кеткенден кийин токтоп калды.  Болгону 2-3 адам иштейбиз. Ошондо деле китеп  сатып алууга эл жапа тырмак кызыкпаса, ишибиз жалаӊ ушул китеп менен байланыштуу болсо дүркүрөп өсүп кетүү кыйын болуп турат. Ошондой болсо да өз чыгымыбызды жаап, китеп сатуу, жайылтуу, авторлорго жардам берүү, деги эле китеп  маселеси такыр жерде калып калбасын деп болгон аракетибизди жумшап келатабыз. Биздин ишкананы бюджетке өткөрүү боюнча далай маселе көтөрүлүп, ал тургай тиешелүү кагаздары да дайын болгон. Бирок колдоого алынбай, ушундай абалда келатабыз.

-Сиз жетектеген ишканага Маданият министрлиги жок дегенде 1-2 миллион жылына бөлүп берип турса,  көзгө көрүнө турган чоӊ иштер жасалат беле?

—Кайдагы 2 миллионду айтасыӊ. Ал акча көп да. Андай акча беришпейт. Берилип турса  бир топ иштерди аткарганга аракет кылмакпыз. Азыр бизди, Астанага Москвадагы китеп маселеси боюнча иш-чараларга чакырса бара албайбыз. Өз алдынча да жер-жерлерди кой, бул Бишкектин өзүндө иш-чараларды өткөрө албай жатпайбызбы.  Образдуу түрдө айтканда башында эле бул ишкана түзүлүп жатканда, ээрге кыйшык олтургузулуп калган экен. Мен тажрыйбама таянып, андай чапсам деле, мындай чапсам деле кыйшык ээр түздөлбөй койду.

—Кандай болгон күндө деле минтип илеӊ-салаӊ, аты бар, заты жок  китеп ишканасынын ишин жандатуунун айласын табуу керек да. Бул жагынан чоӊдорго тынбай эле кайрылып жаткан экенсиз. Деги колдоого алынчудайбы? Бул ишкананы түзүп жатканда өкмөт укмуш даӊазалап, эми китеп сатуу, жайылтуу укмуш болуп, мамлекеттик идеология жүрөт деп ЖМКдан чуулдатышты эле. Иш жүзүндө анын баары кагазда калып кетти…

—Кагазда калып кеткени да болду. Биздин аракет менен ишке ашып жаткан маселелер да бар. Бирок жалпысынан алганда ишкананын иши каржылык жактан колдоого алынбаса, өнүгүү иши оӊой менен болбойт. Ишкананын ишин жандантуунун бир айласы турат. Чоӊдорубуз деле жакшы түшүнүп турат. “Кыргыз китеп” ишканасы кылбай, статусту өзгөртүп,  бюджеттик мекеме кылышы керек. Анан ошондо бизге берген каражатына жараша талапты коюшса, биз ал талаптарды аткарабыз да. Биз Маданият министрлигине баш ийип, анан экономикалык жактан Мамлекеттик мүлк фондусуна да баш ийип жатпайбызбы. Киреше тапсак, аталган фонд сөзсүз өз үлүшүн алат. 2017-жылы киреше жакшы болгон. Ошондо Маммүлк бизден 100 миӊ сом алды. Мына көрүп жатасыздар. Маданият министрлигинин имаратынан бир капталында “Раритет” китеп дүкөнү турат. Ал дүкөндө 99 пайыз орусча китеп сатылат. Мына Баялинов атындагы китепканага кирсеӊиз, Америка, Түркия  ж.б. мамлекеттердин китеп боюнча атайын бурчу турат. Башка жактарда Франция, Кытай өлкөлөрүнүн да китеп боюнча атайын бурчу уюшулган. Мен жазуучулар катышкан жыйында Маданият министрлигинен мына ушул маселени козгоп:  “ Биздин ишканага да ошондой маданий имараттардан атайын бурчтарды бергиле. Биз да  кыргыз китеп бурчун уюштуруп, ар кандай иш-чара өткөрүп, иш жүргүзөлү. Ал имараттарда көп учурда ар кандай жыйындар, иш-чаралар болуп турат. Айтор, азбы, көппү  эл үзүлбөйт. Сатып алганы сатып алат, сатып албаганы кыргызда кандай китептер чыгып, сатылып жатканы тууралуу да аздыр-көптүр маалымат алышат”- деп өз сунушумду айтып, сурангам да.  Бирок беришкен жок, мындайча айтканда колдоого алынбай калды.

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев