—Жумадин мырза, адегенде сиз түптөгөн басмакана тууралуу окурмандарга маалымат берсеӊиз?

—1997-2014-жылдары биздин басмакана “Бийиктик” деген ат менен иштеп турду. Ал жылдары биз басмакананын ишин үйрөндүк, тажрыйба топтодук, байланыштар түзүп,  абдан көп авторлор менен иштедик. Кыйналдык, дүркүрөп өскөн, ишибиз артка кеткен учурлар болду дегендей. Ошентип, бул багытта  аздыр-көптүр өз ордубузду таба алдык.   2014- жылы  басмакананын атын “Улуу тоолор” деп атадык.  Негизи мына ушул “Улуу тоолор” деген ат менен: кыргыз, өзбек, орус тилдеринде журнал чыгарабыз деген оюбуз бар.  Бирок жыл сайын эле тыйын-тыпыр жетишпей, азырынча чыгара албай келатабыз. Даярдагыбыз да бир аз жетишпейт жатат окшойт. Биздин мамлекетте албетте негизги улут кыргыз эли, андан кийин өзбек, орус улутундагы эл. Бирок канча жыл өтсө да ич ара ынтымак күчтүү эмес. Буга кечээки июнь окуясы, андан мурунку Ош окуясы  мисал болот. Бир мамлекетте жашап жатсак да бири-бирибиз менен камыр-жумур болуп аралашып кете элекпиз. Ааламдашуу процесси жүрүп, бир эл пайда болушу керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Мына биз ушул нерсеге умтулушубуз керек. Мына ошондо мамлекетибизде жашаган элибиздин ички ынтымагы күчтүү болот. Маданияты да тереӊдейт. Бул эми мамлекеттик идеологиянын деӊгээлиндеги чоӊ маселе. Бул маселени сөзсүз эске алышыбыз абзел.

—Басмакананын азыркы абалы кандай болуп жатат?

—Кудайга шүгүр! Туура иштегенге аракет кылып жатабыз. Бирок азырынча “Улуу тоолор” атка конгону чыгарган китептердин саны, жүгүрткөн акчанын көлөмү боюнча алганда мурунку “Бийиктиктин” деӊгээлине жете элек.

—Мисалы, жылына орто эсеп менен канча китеп чыгарасыӊар?

—Орто эсеп менен 100 миӊ нускага чейин китеп чыгарабыз. Бул 100 аталыштагы  китеп болушу мүмкүн. Мунун 30 пайызы  мамлекеттик тапшырмалар болуп калат. Бир китеп 50, башкасы 500, дагы бир башкасы 2000, эӊ көбү 5000 нуска менен чыгып калат. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу азыраак болуп жатат. Себеби,  мамлекеттик тапшырмалар азыраак болду. Тендерлерге катышып утуп алсак, ошол мамлекеттик тапшырма болуп эсептелет. Негизинен басмаканадан  биз менен кызматташкан ар кандай авторлордун китептери  жана өзүбүз да тандоого алып чыгарган китептер басылат. Бизде туруктуу 7-8 адам иштеп жатат. Иш көп болгон учурда 50гө чейин жетет. Баары иштеген эмгектерине жараша акча алышат.

—100 миӊ нускага чейин китеп силердин басмаканадан чыгып жатканы бир маселе, экинчи маселе алардын окулушу, сатылышы боюнча маселе кандай? Себеби, өзүӊөр да коммерциялык багытта тыйын табалы деп бир топ китептерди чыгарып жатасыздар да…

—Туура. Биз китептерди жөн эле чыгарып таштабайбыз. Мониторинг жүргүзүп, иликтейбиз. Кайсы китепке талап болсо ошол китептерди чыгарабыз. Талап болгон китеп сөзсүз өтүмдүү болот. Биздин басмакана чыгарган китептерге суроо талап кандай деген маселеге келсек. Албетте, биринчи орунга Чыӊгыз Айтматовдун китептери чыгат. Өткөн жылы алп жазуучу агабыздын 90 жылдык мааракесине арналып анын 10 томдук чыгармаларын кыргыз, орус тилдеринде жалпысынан 2000 нуска менен чыгарганбыз. Бул мамлекеттик тапшырма болчу. Андан кийин өзүбүз Айтматов фондунан уруксат алып, орус, кыргыз тилдеринде 1000 нуска чыгарганбыз. 10 томдукту бөлүп эсептегенде жалпы 30 миӊ нуска болуп калат. Жарымы кыргызча, жарымы орусча.   Бул китептер сатылып бүтүп калды. Дагы уруксат алып, дагы чыгарабыз деген максатыбыз бар. Фарида Исанова “Мен Жеки Чан” деген 2 томдук  китепти кыргызчалап, биз  жалпысынан 6000 нуска менен чыгарганбыз. Ошол китепке да суроо талап көп болду. Сейит Жетимишевдин  “Эл арасында” деген китебинин 2 томдугун да көп алып жатышат. Бул китепти мурун эле чыгарганбыз. Биз жакшылап сатканды эми гана үйрөнүп жатат окшойбуз. Айтор ушинтип айтып олтурса көп эле… Котормо жаатында “Мен Жеки Чандан” башкасын да айтайын. Биз 2016-жылы мамлекеттик тапшырма болот деп  дүйнөлүк классикага кирген 11 автордун китебин кыргыз тилине котортконбуз. Бирок  Маданият министрлигинин ошол кездеги чечими менен ал китептер тендерге кирбей, жарыкка чыкпай калган. Которгондордун көбүнүн эмгек акыларын төлөгөнбүз,  азыраагын бүгүнкү күнгө чейин төлөй албай келатабыз. Буйруса, биз  кыргыз тилине которулган китептерди өзүбүз басып чыгарууну максат кылып жатабыз. Алар: Стивенсондун  “Кара жебе”,  Вольтер Скоттун “Айвенго” деген романы, Луи Бусеннардын, Александр Дюманын ж.б кызыктуу чыгармалары которулган. Окурмандарга пайдалуу чыгармалар.

—Басмаканалар барган сайын көбөйүп жатат. Атаандаштыкка туруштук берүү оор эле болуп жатса керек…

—Бул тармак абдан кенен. Атаандаштык бар. Бирок сезилбейт деле. Эч кимге атаандашпайбыз, иш талашпайбыз. Тескерисинче баары менен кызматташабыз. Болгону майда басмаканалардын арасынан биздин айрым китептерди кудум өзүндөй кылууга аракет кылып чыгарып жаткандар бар. Бирок биз алардын колунан кармай алган жокпуз. Ошентсе да, мен биз чыгарган  китептерди жазбай эле тааныйм. Бул жагын иликтеп жүрөбүз. Ыӊгайы келип, ошондой учур жараласа ачык айтып чыгабыз го.

—Көптөгөн китептер чыгып жатканы менен  алардын окурмандары ошончо көп эмес экени байкалып турат. Бирок ошондой болсо да китеп окулбай калды деп акыркы 20 жылдан бери айтылып келаткан сөз акырындык менен өз күчүн аз-аздан жоготуп бараткандай…  Бул жагын сиздер жакшы байкап, баамдап жатсаӊыздар керек?

—Чынында китепке кызыгуу бир топ солгундай түшкөн болчу. Бирок ал мезгил көпкө созулган жок. Кайра жанданып, суроо талап жогорулап баратат. Интернет менен кагаз түрүндөгү китептин айырмасы чоӊ. Кагаз китепти окуу алда канча пайдалуу болуп эсептелет. Окурмандар интернеттен китеп окуу, ага азгырылуунун зыяндуу жактарынан качып башташты. Ошон үчүн эл кагаз түрүндөгү китепке кайрылгандардын саны  акыркы 2-3 жылда бир топ өстү. Жакынкы жылдары дагы күчөйт.

—Сиздер менен  ондогон, жүздөгөн авторлор иштешип жатса керек. Ошолордун ичинен алдыга сурулуп  чыгып, адабиятка, маданиятка жаӊылык киргизип, көп окурман топтоп  жаткан авторлор кимдер?

—Эӊ акыркыларын айта турган болсом, ал акын Зайырбек Ажыматов. Анын жакында “Жүрөктөгү бороон” деген ыр китебин 1000  нуска менен чыгарып бергенбиз. Дээрлик баары кыска убакыттын ичинде сатылып кетти. Автор ал китепти дагы 1000 нускада чыгарууга белсенип жатат. Поэзия окулбайт деп ойлоо – бул жаңылыштык экен. Автор белгилүү болсо, жазганы мыкты болсо бат эле өтүп кетет. Жакында Кутмырза Жакыбалиев деген акыныбыз дагы ыр китебин чыгарды. Анын китеби да жазылган чыгармаларына караганда жакшы өтчүдөй. Өткөн жылы Аскарали Ражибалиевдин дагы бир китеби жакшы өттү. Ал дагы кайра чыгарганы жатат.

—Таланты ташкындап, сонун чыгарма жазган авторлор көп. Бирок каражаттын жоктугунан учурунда китептери  чыкпай калган авторлорду колдоп, китептерин чыгарып бересиздерби?

—Берип келатабыз. Мисалы, Тургунбай Эргешов, Табылды Муканов деген мыкты акындарыбыздын китептерин  2003-жылы биз чыгарганбыз. Нускасы көп эмес, азыраак да. Барчынбек Бугубаевдин да бир, эки китебин чыгарып бергенбиз. Мындай учурлар көп эле болду. Ушул кезде Мусакун Сатыбалдиев деген мыкты автордун 9 томдук китебин басууга даярдап жатабыз. Роза Карагулова деген акын эжебиздин китебин чыгарып бердик. Ал китеби сатылса, анан бизге эмгегибизди төлөп берет. Асан Жакшылыковдун 10 томдугун да басууга даярдап жатабыз.

—Сиз да чыгармачыл адамсыз. Башка авторлордун китебин чыгаруу, элге жеткирүү иши менен жүрүп, жеке чыгармачылыгыӊыз аксап калган жокпу? Акыркы жылдары кандай чыгармаларды жаратып жатасыз?

—Мен көп окуйм. Көп иштейм. Кайсы бир деӊгээлде убакыттан уттурдум. Бирок мен бул убакыттын ичинде дүйнө таануумду, адабий  билимимди кеӊейттим, өзүмдү жакшы чыгарма жазууга даярдадым деп айтсам болот. Кийинки жылы иштен, өндүрүштөн бир аз бошоп, чыгармачылыкка басым жасайм го деген бекем ишенимде болуп жатам.  Менин буга чейин “Утурумдук коштошуу” деген ыр китебим, “Асмандан кулаган адам” деген аӊгемелер жана бир повесттен турган китебим чыккан. Андан кийин орус тилинде  “Война и мир глазами беженцами” деген орус тилиндеги китебимде  Тажикстандан келген качкындардын турмушу чагылдырылган. “Бүбү Мариям”  деп атап дагы бир китебим басылган. Азыр бул китептин экинчисин жазып жатам, азыркы кезде 30  пайызын бүтүп калдым.

—Китепти көп окуунун да тартиби бар да. Бул боюнча китеп сүйүүчүлөргө кеӊеш берсеӊиз?

—Тамактын баарын эле ылгабай жей берсеӊ сөзсүз күптү болосуӊ, бири ден-соолукка жакпай, ооруйсуӊ. Ошондой эле китептин баары эле адамга пайдалуу эмес. Китептин жакшы, жаманын ылгап окуганга үйрөнүү керек. Кайсы бир жаман адаты бар, оорусу бар адамдын китебин окуп, ошол адам турмушуӊда көндүм да болуп кетиши ыктымал.  Өзү китеп үчкө бөлүнөт. Кызыктуу, керектүү жана баалуу. Кызыктуусуна: жомок, фантастика ж.б. кирет. Керектүүсү көбүнчө кесиптик багытта болот. Ал эми баалуусу адамдын аӊ-сезимине төӊкөрүш жасоого, Кудайды таанууга, өзүӊдүү таанууга жардам берет. Мына ушул үч багыттагы китептерди окуй бериш керек. Бирок бир багытка эле басым жасабай, үч багытты теӊ окуса пайдасы чоӊ болот. Адам бир күндө жок дегенде  бир саат китеп окушу зарыл. Муну ар бир адам көндүм адатка айлантып алса абдан жакшы болот. Бир жылда орто эсеп менен 53 китеп окушу керек. Андан көп окуса, албетте абдан жакшы болот. Бир жылда 50дөн аз китеп  окуган болсо, анда жан дүйнөсүн жетиштүү деӊгээлде азыктындырбай койду деп эсептесе туура болот.

         Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ