Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя болгонун белгиледи.

Саммитке катышуу үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн — Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, жана ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрү — Иран, Афганистан, Белоруссия жана Монголиянын лидерлери келгенин эске салды.

«Элдин биримдиги эл аралык маанидеги саясий иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы ошондой эле куруучулардын, шаардык кызматтардын, ММК өкүлдөрүнүн жана чыгармачыл инсандардын чоң салымын белгилеп өттү.

Бүгүн алардын көпчүлүгү мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

Төмөндө сыйлык алгандардын тизмеси берилет.

 “Даңк” ордени

1 Тилегенов Бактыбек Сабырович Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру;

«Кыргыз Республикасынын эл артисти»

2 Осмоналиев Рахатбек Муталипович Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы А.Джумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти»

3 Абдубачаев Рысбек Исмаилбекович А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти;
4 Абдыралиева Чынара Мелисовна Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К.Орозов атындагы Эл аспаптар академиялык оркестринин артисти;
5 Бабич Юлия Алексеевна А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын вокал боюнча концертмейстери;
6 Бейшеев Талайбек Сабырович композитор, «Аура» тобунун жетекчиси;
7 Жеенбаев Мурзали Төлөнович Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ага окутуучусу;
8 Аралбаев Жоробек Эркинбаевич театр жана кино артисти;

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер»

9 Зайнидин уулу Улан Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысы;
10 Суеркулова Ирина Балтабаевна К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын кыргыздын салттуу элдик аспаптары кафедрасынын ага окутуучусу;
11 Чилетиров Джаныбек Жеенбаевич «Жаш кыял» элдик үлгүлүү бий ансамблинин жетекчиси жана башкы балетмейстери;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу»

12 Сайрамбаев Досжан Шамшыкович «КапиталБилдингЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

13 Абдраимов Алмазбек Алпамышович КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телеоператорлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы башкы телеоператору;
14 Абдыбеков Жолдошбек Асанбекович КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маалымат» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин жогорку категориядагы режиссёру;
15 Абласова Жанар Бериковна П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин хор бөлүмүнүн башчысы, вокал мугалими;
16 Айдарбеков Айбек Акматбекович КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
17 Амантуров Мирлан Казылаевич Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын начальниги;
18 Асанбекова Лейли Нурлановна пианист, Бишкек шаары;
19 Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти;
20 Жолдошева Эльнура Шаршембиевна Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын директору;
21 Жоомартова Шекерхан Абдиллаевна Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын окутуучусу;
22 Камытбеков Эрлан Шабданович Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Ак марал» мамлекеттик бий ансамблинин балет артисти;
23 Кочконов Казыбек Маматкасымович КР Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси – КР Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору;
24 Курмангалиев Жумакадыр Билалович КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборунун башкы директору;
25 Шаршеналиева Анаркул Сурахматовна А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы хор солисти;
26 Садиков Рустам   Исмаилжанович КР Куралдуу күчтөрүнүн подполковниги.