—Бердибек байке, алгач окурмандарга  райондук токой чарбанын кечээки жана бүгүнкүсүнөн жалпы маалымат айтып берсеӊиз?

—Биздин райондун токой чарбасы 1947-жылы түзүлүп, анын курамына Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондорунун да токой чарбалары кирип турган. Бирок кийинчерээк эки район тең өз алдынча болуп бөлүнүп кетти. Биздин токой согуш жылдары абдан көп кыйылып кетиптир. Азыр биздин токой чарбанын жалпы аянты 97 801 гектарды түзөт. Мунун ичинен 26 миң гектар  (20 миңден ашык гектар жери карагай) жери токой баскан жер болуп эсептелет.  Мына ушул сандарга карап Жумгал району токойго бай район, республика боюнча токойлуу деп эсептелген алдыӊкы 10 районго кирет десем жаӊылбайм.  Анткени, салыштырмалуу айтсак, Кочкор районунда   (суу жээктеги бактар) 4 — 5 миң гектар токой бар. Ак-Талаада, аз. Ат-Башы районунда да бир топ гектар токой бар, бирок биздикинен азыраак.  Ал эми Нарын райондук  токой чарбасынын аянты биздикиндей көп.

—Башка райондорго да жардам көрсөтөсүздөрбү?

—Биз Ак-Талаа, Кочкор, Тогуз-Торо , Ат-Башы райондоруна көчөт жагынан жардам берип турабыз. Мисалы, бүгүнкү күндө Ак-Талаа токой чарбасынан 150 миӊ сом аласабыз бар. Көлдөн да келип көчөт алып кетишет. Тогуз-Торого 720 миӊ сомдун көчөтүн бергенбиз, ал акча чечилеби, чечилбейби, азырынча белгисиз. Жетекчилик да алмашып жатат, мына ушул маселени эске алышы керек.   Негизги  биз тапкан каражатыбызды республикалык бюджетке төгүп берип жатабыз. Төккөн акчабыз жылына 1 миллион сомдон 3 миллион сомго чейин жетет. Мурун бул акчалардын баары өзүбүздө калчу, ал каражатты өнүктүрүү иштерине сарптайт элек. Азыр андай болбой калды.  Сатылган көчөттөрдөн, куураган бактардан жыйылган отундарды сатып, калган чыгымдарыбызды жабабыз.

Жумгал райондук токой чарбасы жакында өздүк каражатка, тактап айтканда 5,5 миллион сомго жаӊы кеӊсе салган

—Токойду көбөйтүү  жана сактоо иштери  кандай ыраатта жүрүп жатат?

Бул маселе боюнча колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче иштерди аткарып жатабыз.   Мурун жылына 100 гектар жерге бак өстүрүү планы бар болчу. Бирок ал толук аткарылбагандыктан,  кийинки жетекчи ал норманы 50 гектарга чейин кыскартып койгон. Ар бир айыл өкмөткө  2-3 гектар жерге  бак өстүрүп, парк кылып берүү маселесин колго алып, акырындык менен аткарып жатабыз. Жакынкы мезгилде райондун Баш-Кууганды, Чоӊ-Дөбө, Түгөл –Сай айыл өкмөттөрүнүн 2-3 гектар жерине бак тигип бердик. Айыл өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү болсо бак тигиле турган жерди өздөрү тосуп, өздөрү карап, өздөрүнүн карамагына  алышат. Андай мүмкүнчүлүктөрү жок болсо, ал жерди биздин чарбага 49 жылга ижарага берсе, ал жерди өзүбүз тосуп, өзүбүз карамагыбызга алабыз. Бул иш жалпы райондун экологиясын жакшыртууга, көрк берип турууга чоӊ салым кошот.

—Өзгөчө арча, карагайды өстүрүү, көбөйтүү иши абдан түйшүктүү экени айтылып келет. Бул жагын өз оозуӊуздан уксак…

—Чындыгында абдан түйшүктүү. Бак олтургуза турган жерди талапка ылайык жазында атайын аянтча кылып даярдайбыз. Ошондо бир жылдын ичинде чабылган  жердин кыртышы өз калыбына келип калат. Бак олтургузуу маселесин сыртынан караганда жумушу аздай көрүнгөнү  менен чынында түйшүгү өтө көп. Андан тышкары, токой өзү менен өзү, мындайча айтканда табигый жол менен көбөйөт. Карагайдын бат же кеч өскөнү жердин кыртышына жараша болот. Жер кыртышы анча эмес болсо, анда бир жылда 15 — 20 сантиметрге чейин өсөт. Эгер абдан жакшы болсо, анда 40-50 сантиметрге чейин өсүүгө кудуреттүү. Мисалы, биздеги Кара-Кече, Миң-Куш, Дүңгүрөмө, Көлмө, Өрнөк деген жерлердеги карагайлар өзү өсүп чыккан карагайлар. Алардын азыркы жашы болжол менен 200 жылдан 500 жылга чейин десек болот.  Негизи, карагай өзү кыюуга кылымдап өскөндөн кийин жарайт. Бирок ошого жеткичекте өтө бечел болот экен. Уругу таруунун эле ууругундай болот. Биз карагайдын уруктарын Кызыл-Сөөк, Өрнөк деген жерлерде  5-6 гектарда атайы питомнигибизге жыш жана сап-сап кылып себебиз.  Ал коюу болуп, тытышып өсүп, бою 4-5 жылда араң бир-эки карыш болот. Себилгенине 7-8 жыл болгондо бою араң  үч-төрт карыштан ашат, ошондо гана аларды тоолордун бооруна олтургузабыз.

—Кара-Кече көмүр кенинин аймагында токой арбын эмеспи. Көмүр казуу учурунда токойго зыян келбей койбойт да. Бул маселени кандай жолго салдыӊыздар?

—Туура. Такыр зыян келбейт деп айтууга болбойт. Зыян болгон бак-дарактуу, арча-карагайлар үчүн белгиленген өлчөмдө кенемте төлөшөт.  Алар көмүр казышканда карагайларды кыйышат, жердин кыртышын  жана экологияны да бузушат. Ошол зыяндарды биз гектарына жараша коефициенттер менен эсептейбиз. Көп кыйганга мамлекет уруксат бербейт. Биринчи кезекте картайганы, ооругандары кыйылат.

—Бир кезде Кара-Кечеде “Беш-Сары” кенин каалагандай калчап иштеткен Камчыбек Жолдошбаев менен соттошуп жүрдүӊүздөр эле. Ал киши келтирген зыяндарды толук төлөп берди беле?

—Ал киши келтирген зыянын учурунда төлөбөй кеткендиктен соттук иш жүргөн. Ага 1 миллион 200 миӊ сом доо коюлган. Соттук иш 8 жылга созулду. Баары болуп 64 сот процесси болду. Жогорку сотко 4 жолу бардык. Анын ортосунда биздин чыгым 1, 5 миллионго чейин жетти. Бүгүнкү күндө Жолдошбаев бул чыгымды төлөп берди. Ушуну менен биздин чырыбыз бүттү. Азыр көмүр казгандар менен чырыбыз жок, бири-бирибизди түшүнүү менен ынтымакта эле иштеп жатабыз.

Сиздердин токой  чарбада канча адам иштейт? Кадр жана айлык маселеси кандай?

—Жалпысынан 36  адам эмгектенет. Өзүбүздүн чакан чарбабыз бар. Мамлекеттик бюджеттен биздин токой чарбага айлык маселесине гана каралат. Башка иштерге каралбайт. Кадр маселесинде көйгөй бар. Убагында Россиядан билим алып келишкен эки кадр иштеп жатышат. Алар да пенсия курагында. Биз аракет кылып жатып, эки баланы окутуп, чокутуп алдык. Мындан ары да аракет кылып, окутуп, кесипкөй  кадрларды даярдайбыз.

Биздин кызматкерлердин орточо айлыгы 7 миӊ сомдон 10 миӊ сомго чейин. Жөнөкөй кызматкерлердин айлыгы 5-6 миӊ сомдун тегерегинде. Бул акча жетиштүү деп айтуу кыйын. Чынында токойчулар күнү-түнү иштешет да. Мисалы, кайсы бир токойдо алтынчы күнү, же дем алыш күнү өрт чыгыптыр, же сел каптаптыр деп үйүндө жатып алышпайт да. Мына ушундай маселелерди эске алып, мурун токойчулардын айлыгына 25 пайыз акча кошулуп берилчү да. Ал акчаны кыскартып коюшту.  

Бир кезде атагы алыска кеткен Миң-Куш шаарчасында карагай көп өсөт экен. Азыр Миң-Куш, мурунку куту учуп, уранга ууланып жашап жатат. Сурайын дегеним,  урандын карагайларга тийгизген таасири кандай?

—Карагайлар  — бул экологиянын санитары да. Миң-Кушта эл азыр өтө оор абалда күч кечирип жатышат. Өзүң айткандай, уранга ууланып жатышат.  Бирок а лур раан калдыктары Миң-Куштагы жүздөгөн гектар жерде өскөн карагайларга терс таасирин тийгизген жок. Тескерисинче, ал карагайлар Миң-Куштун уран жыттанган абасын тазалап, ал жактын жашоочуларына чоң пайда алып келип жатат.

—Маек соӊунда, сиздердин тармакка бир ай мурун жетекчи болуп дайындалган Мираслав Аманкулов тууралуу учкай кеп кылсак. А кишиге кесипкөй катары чоӊ ишеним артылып жатат. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Мираслав мырзага чынында ишеним чоӊ.  Жогорку билимди Украинадан алган. Ал 1980-жылдардан тартып эле ушул тармакта иштеп, жооптуу кызматтарды аркалап, чоӊ тажрыйба топтоду. Ара  чолодо башка тармактарда да жооптуу кызматтарда иштеп жүргөнү менен, негизинен токой чарба тармагында көп жыл иштеди. Жогорку бийлик мына ушул жагын эске алып, бул кызматка дайындады да. Бизде да реформалык иштерди жасайт деген ишеним бар. Кыргызда “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген кеп бар. Мираславдын атасы Акал Молдолиев өз заманынын  мыкты адамы эле. Биз ал кишинин таалим – тарбиясын алып, өзүбүзгө үлгү тутуп келдик. Ал совет доорунда өмүр бою партиялык советтик кызматтарда иштеген адам. Элге алынган, мыкты адам болчу. Апасы Алма  Молдалиева  да райондо үчүнчү секретарь ж.б. жооптуу кызматтарда иштеп, элге эмгеги сиӊген .

      Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ