Бүгүнкү каарманыбыз бир кездеги бактылуу турмушун өзүнүн бир тууган кайнежеси кантип бузганын ачык айтып, ошону менен бирге  учурдагы абалы тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтарды берди. Мараттын бул баяны балким башкаларга сабак болуп калгысы бардыр…

—Бойдок кайнежемдин мага кылган кыянаттыгын эстегенде аны жаткыра чаап, андан ары баарын жыйыштырып соттолуп кетким келет. Бул эми ачууга алдырганда кармана албай айтылган сөз болуп жатат. Бирок , ал киши чындыгында ушундай сөздөргө татыктуу экен. Аялым экөөбүз ынтымактуу эле жашачубуз. Балээнин баары эрден чыккан кайнежем биздин үйгө көчүп келгенден тартып башталды. Ал биздин жеке турмушубузга жөнү жок эле кийлигишкени аз келгенсип, кийинки учурларда аялам экөөбүздү ачык эле кайраштыра баштады. Анын тилине кирген аялымдын кыял-жоругу да өзгөрдү. Кээде экөөлөп жемелегенди кадимки адатка айландырышканда  айла жок чыдап жүрдүм. Акыры чыдоонун да чеги болот эмеспи.  Өзүмдүн үйүмдө өзүм кор боло баштаганыма  ызаланып: 

—Бул үйдө  мындан кийин   сени менен   мен жашагандай болоюн  же эжеӊ жашасын,-дедим ачыгын айтып.

—Турмушу бузулган адамга теӊелбей эле койбойсуӊбу!-деп аялым итиреӊдеди.

Анын бул сөзү эмнегедир мага жакпагандыктан тилиме ээ боло албай: 

—Энеӊди!  Эжеӊди  эринен мен ажыраштырыптырмынбы?!-дедим ызырынып.

—Эмне сөгүнөсүӊ?  Энемден айлангыр!-деген аялым эшикти тарс жаап сыртка чыгып кетти.

Ошол маалда төркү бөлмөдөн көздөрүн ушалап уйкусураган кайнежем чыга калып: 

—Эй аймак! Менин эрим менен  кандай ишиӊ бар?  Аялдарга теӊелип  айтышкан эркек сыягы жок бир бечара турбайсыӊбы,-деп намысыма тийип сүйлөдү.

—Оозуӊузга карап сүйлөӊүз. Эрсиреп калганыӊыз үчүн эмне кыларыӊызды билбей менден күчүӊүздү чыгарып   жатасыз да, ээ -десем эле кеп-сөзгө келбей долуланып ыйлай баштады.

Андан кийин ар-намысыма шек келтирип ар кандай сөздөрдү айтканда колумду шилтеп үйдөн чыгып кеттим. Үйгө ошол боюнча баргым келбегендиктен кайнежеме эрегишип эки күн досторумдун үйүндө жүрүп калдым. Аттиӊ… Ошондо жаӊылган экенмин. Көрсө, кайнежем  менин үйдө жогумдан пайдаланып кайындарыма ойдон  чыгарылган ушак сөздөрдү таратып жибериптир. Алар тигинин сөзүнө ишенишкендиктен атайын чогулуп алып үйгө келишиптир. Үйгө келсем мени ортого алышып туш тарабымдан талай башташты. Айрыкча  сөз укпаган ажаан кайненем: 

—Тузум ургур! Кызымды какшатып эки күндөн бери кайсы аялдар менен көӊүл ачып жүрөсүӊ?-дегенде ак жеримден күнөөлөп жатканына чыдай албай ага каяша айтып:

—Урдум баарыӊды! Адам эмес экенсиӊер,-деп үйдөн биротоло чыгып кеттим.

Ушул жагымсыз окуядан кийин өзүнчө батирге чыгып жашаганга туура келди. Анда да кайнежемден кутулбас болдум. Телефонума кекеткен СМСтерди жөнөтүп тынчымды алганда сим-картамды алмаштырып салдым. Билинбей эле арадан бир ай убакыт өтүп кеткен экен. Бул мезгилдин аралыгында мен тууралуу айылда ар кандай  айыӊ кептер тараптыр. Бир күнү базардан чыгып келатсам бир айылдашым жолугуп:

—Маке, куш бооӊ бек болсун!  Сен бир аялдын үстүнө кирип жашап алган турбайсыӊбы,-десе болобу кыжырымды келтирип.

Ага өзүм тууралуу канчалык түшүндүрсөм да эч ишенбей койду. Анын айтымына караганда акчага көпкөндүктөн  аялымды чанып таштап кеткен имишмин. Ой тобо!  Менде кайдагы акча? Өзүм мамлекеттик  кызматта иштеп араӊдан зорго 8 миӊ сом айлык алсам… Ошентип, мен үчүн жалаӊ  жамандыктын «эмблемасындай»  болгон кайнежемдин кесепетинен үй-бүлөмдөн ажырадым. Турмушум бузулгандан бери сөз көтөрө албай калдым. Азыркы кезде ар нерсени ойлонуп жатып эч кимге жакшылык жасагысы келбеген ташбоор адамга айлана баштадым. Эки баламдын  атасыз чоӊоюп жатканы эсиме түшө калганда минтип тирүүнүн өлүгүнө айланып жер бетинде басып жүргөнүмө кээде арданып кетем. Алардын да менден көӊүлү калган окшойт. Телефон чалсам трубканы таптакыр алышпайт. Аялымдын болсо жарашайын деген ою жок. Аны кимдир бирөөлөрдөн кызганып жатып акылымдан айнып бараткансыймын.  «Ачуу душман, акыл-дос» деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Бул сөздүн маанисин эми билип жатам. Бирок, тагдырымдын ушинтип талкаланышына кайнежемден тышкары өзүм да себепкер болдум. Ал кишиге эмне демекчимин?  Жаман болсо да аман болсун! Башка айтарым жок…

                                                                      Даярдаган: Нуркемел  ИСАЕВ