Дарыгерлер ажатканада отурганда смартфон колдонуунун натыйжасы геморрой оорусуна алып келээри тууралуу  The Sun басылмасы билдирди. 

Адистер кээ бир адамдардын туалетте жөн отурганга караганда, смартфон кармап отурган учуру көбүрөөк экендигин айтышты. Бул заңдай турган жактын веналарын кеңейтип жиберип, адамды геморрой кылышы мүмкүн дешти. Андыктан аталган дарттан алыс болуунун дагы бир жолу ажатканага телефонсуз кирүү деген кеңеш беришти.