Орусиялык белгилүү актриса Анастасия Заворотнюк залалдуу мээ шишигинине кабылганын чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Актрисага Москвадан диагноз коюлгандан кийин, Германияга барып операция жасатып келген.

Өткөн жумада ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы кабарланган. Кечээ, 18-сентябрда, өзү дем алып калганы айтылган. Анткен менен продюсер Разин актрисанын ден соолугу, тескерисинче, начарлап бара жатканын билдирген.