Индиянын Сагар шаарынын тургуну Шьям Лал Ядавдын чокусуна өсүп чыккан 10,2 сантиметрлик мүйүздү дарыгерлер кесип алып салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

74 жаштагы Шьям Лал мындан беш жыл мурун башын катуу уруп алгандан кийин, башы томпоюп, мүйүз өсүп баштаган. Мүйүз баш кийим кийгенге жолтоо болуп башатаганда дарыгерге кайрылган. Доктурдун изилдөөсүнөн кийин, кадимки эле мүйүз экени белгилүү болгон. Жыйынтыгында нейрохирургдар операция жасап, мүйүзүн араалап салган. Жасалган биопсиянын жыйынтыгы шишиктин андай деле кооптуу эмес экенин көрсөткөн.