Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырдан жарадар болуп, Лейлектеги ооруканага жеткирилгендердин бири оор абалда, комада жатат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган ооруканада жаткандардын дагы экөөнүн абалы оор бойдон калууда.

«Кечээ, 17-сентябрда, Баткенден учак менен Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген 10 кишинин үчөө реанимацияда. Жетөө жалпы палатада. Бүгүн бешөөнө операция жасалат», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой,16-сентябрь күнү кечке жуук Лейлек районундагы Максат жана Сай айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ага күч түзүмдөрү да аралашып, ок атылып, натыйжада Кыргызстандан бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Ал эми Тажикстандан үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.