Рыспек Акматбаевдин бала-бакырасы, өзү тууралуу маалыматтар көпчүлүккө кызык экени талашсыз. Бул тууралуу кененирээк айтып берсеӊиз?

—Балам жаш кетти. Тирүү  кезинде жумушу абдан көп болгондуктан үй-бүлөсүнө деле көп алаксып карачу эмес, бирок башка аталардай эле  үй-бүлөсүнүн күнүмдүк оокатын, кийим-кечегин камсыздап берчү. Менин уй фермам бар эле, күнүгө 200-250 литирдей сүт сатчумун. Жайкысын жылкы саадырып, кымыз  алгандарга кымыз өткөрчүмүн. Ошол учурда Рыспек балам үйгө келип калганда, апасына баланчага, түкүнчөгө акча берип койгула дечү. Өзү жолдо келатып алдынан чыккандарга акча берип жатып, жанында керектүү акчасы калбай калчу экен, аны кээ бир учурларда бизге айтчу да. Мен эмгек кылып акча таап, дайыма акча болот эле, балам айткандарга берчүмүн.

Бир ирет балама: “Ай балам, мобул жылкыны, уйларды эмне кылам, кыскартсамбы”- десем, ал мага: “Папаша, иштеӊиз, иштеген киши тиштейт, үйдө жатып эмне кыласыз” – деди. Кээ бир учурда үйдөгү кемчиликтерди, жетишпестиктерди айтып калсам: “Сиз түшүнбөйт экенсиз, эки эле көйнөк кийиӊиз, бирөөнү кийип, бирөөнө жуудуруп, 3-4 көйнөк кийбеӊиз. Элдин жашоосун көрүп жатасыз,эл кыйналып жатпайбы”- дечү.

Андан тышкары: “Папаша, тууй турган уюӊуз барбы, баланчага берип коюӊузчу,  Көп баласы бар экен,кыйналып жатат”- деп бир канча адамды мисал кылып айтчу. Берки Тынчтык балам үйгө келгенде, ал да агасынан кем калбай: “Баланчага 50 шифер берип коюӊузчу, үйүнөн  жаан агып жатыптыр”- дейт эле. Берейин балам деп, айтканын берчүмүн. Балдарым ушинтип үйгө келген сайын бирөөлөрдү ээрчитип келип, муктаждарга ушундай жардам беришчү. Ошон үчүн Кудай берип жаткан. Бирок, шүмшүктөр, кара пейилдер, адам жуткучтар,ошол эки баламдан ажыратып коюшту.

—Эки балаӊыздан канча небере калды?

—Эки баламдан 14 небере калды. Баары чоӊоюп калышты. Чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Кыздарым “Мировой экономика” боюнча билим алышты.

—Чарбаны айтып жатасыз. Өзүӊүз эмне менен алексиз?

—Жашым 83кө келип калды. Чарбамды жыйыштырып, кыскартканыма 2 жыл болуп калды. Үйдө эле, карылыка моюн сунуп калдык да.

—Рыспек, Рыспек болуп турганда анын тегерегинде достору көп болчу. Азыр алардын арасынан сизге каралашкандары барбы?

—Мен өзүм карыя болуп туруп кыргызды жамандаганым уят. Жамандабайм. Кыргызымдан айланайын, акыл-эстүүлөрү бар. Жаӊылышкандары да бар. Бирок ал-жай сурагандар бар. Тили буруулар бар, алар Лондондон, Америкадан, Индиядан, Австарлиядан да келишет. Бу, кыргыздын жүрбөгөн жери жок экен. Келишкенде, бир-эки күн болушат, муктаждыкты сурашат, “эч нерсе кереги жок”- десем, кайра кетишет. Лондондон бир жигит келип: “Балаӊыз тууралуу  англис тилинде китеп чыгарабыз, бүтүп калса, убактыбызга карап, сизге алып келип беребиз”- деп кетти.

—Качан чыгат экен? Ким экен жазып жатат?

—Жакында  чыгат экен, ким жазып жатканын да айткан жок. Англис тилинде чыкса деле берип жибергиле,  неберелерим окушат дедим.

—Балаӊыздын көзү өткөндөн кийин  сизге келип: “Рыспек мени учурунда коркутту эле, антти эле, минтти эле” – деп доомат кылып, арыз арманын айтып келгендер болгон жокпу?

—Эми ошондой кептер айтылганда мен Рыспектин жанындагы балдардан такып сурачумун. Алар айтчу: “Рыспек байке байке тооктун да канына калбагыла деп ант алган. Ар кайсы кептер, анын баары шылтоо. Бирөөнө катуу айтпайт, же бирөөнү сабабайт. Каякка барса да, эл жакшы кабыл алып, маселени оӊой эле чечип койчу. Бу, байкебиздин эмнеси бар экенин деле билбейбиз”- деп. Көзү өтүп кеткенден кийин кандай болду деп сурап жатпайсыӊбы, көзү өткөндөн кийин мага кайрат айтып, кейигендер абдан көп болду. Эч ким жаман айткан жок. Тескерисинче, орус балдар, көпчүлүгү тили буруулар эмдигиче балаӊыздан убагында баланча акча алдык эле деп берип кетип жаткандар да бар. Орус балдар эмдигиче келип, жардамын беришет, кереги жок десем да, болбой келип кетип жүрүшөт.

—Балдарыӊыздын турмушта жаӊылганы, катасы кандай болду? Ата катары бул жагына баам салгандырсыз…

—Туура. Балам курчтук кылып койду. Жаӊылган жери ушул болду. Айбандарга катуу айтып, “Бир айда кустуруп, Кыргызстандын карызынан кутултам” –деп айтканы далайдын үшүн алып койду да. Унчукпай эле, “сен жакшы”- деп  депуаттыкка  барып алып, анан кийин сүйлөшсө болмок.  Шайлоодо элдин 87 пайыз добушун алды, анын кагаздары менин колумда эмдигиче турат.

Сиз жогоруда балаӊыз Рыспектин балдарынан ант алдырып, ыйманга чакырып келгенин айттыӊыз. Сурайын дегеним, ата менен баланын ортосунда чоӊ сый болот да. Баласы досуна айтканды атасына айта албайт  дегендей. Мындан улам, сиз деле балаӊыздын башка жаӊылыштыктарын, сырларын толук билбей калдыӊыз да. Анын көбү ачылбай, ичине кетти да..

—Мен балам менен олтурганда, ден-соолукту, ишти сурачу. Мал- жанды сурап, чөп-чарды камдап берчү. Баланча жардам берет дечү. Тынчтык балам өзүнчө жардам кылчу. Мен Рыспектин жанында жүргөндөрдөн такай сурачумун. “Эмне жаӊылыгыӊар бар?”- десем, алар “Ата, баары эле жакшы. Байкебиз болгону чоӊдор менен тил табышпай жатат”- деп айтып калышчу.

(уландысы бар)

Маектешкен Айбек Шамшыкеев