Рыскелди Момбеков абактагылар менен окуучулардын тамак-ашына бөлүнгөн каражат тууралуу маселе көтөрдү.

Депутаты Рыскелди Момбеков окуучулар менен абактагыларга жана ИИМдин кинологдорунун иттеринин бир күндүк тамагына бөлүнгөн каражаттын так санын айтты. Момбеков Исаковдон окуучулардын бир күндүк тамагына бөлүнгөн акчанын суммасын сураганда, ал «жети сом» деп жооп берди. Депутат:

-Абактагылардын бир күндүк тамагына деп 70 сом. Президенттер, премьерлер, спикерлер бүткөн №5 гимназиянын жатак интернатында окугандарга бир күнгө 60 сом бөлүнөт. Ал эми ИИМдин кинологдорунун иттерине күнүнө 100 сом каралат. Карап көрүңүз. Балдарга кайырчыларга окшотуп садага берип жатабыз, иттерге эт берип жатабыз