Жакында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп 42 жаштагы Жылдызбек Исагулов дайындалды. Ал 2018-жылдын 4-декабрынан бери өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп эмгектенип жаткан. Өзү да Баткендин кулуну болот. Бир топ жылдан бери  жооптуу кызматтарда иштеп, ташкалып деле калды. Бирок коррупциянын эӊ чоӊ очогуна айланган Мамлекеттик мүлк фондусунун  ишин илгерлетип алдыга жылдыра ала бекен. Албетте, бул жагын убакыт көрсөтөөр. Негизи Исагулов  буга чейинки кызматтарында сынга деле кабылган жок. Ал чет мамлекеттерден билим алган, бир нече тилдерде эркин сүйлөй алган татыктуу кадр катары баалынып келет. Кандай болгон күндө да Жылдызбек бул кызматта өзүн көрсөтүп, элдин үмүтүн акташы зарыл.