«Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов түрк тилдүү элдердин ичинен Кыргызстан эле латын алфавитине өтө электигин, жаныбыздагы казактар 2025-жылдан тарта өткөнү жатканын айтып, Билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Каныбек Исаковдон латын алфавитине өтүү боюнча пикирин сурады.

Суцлайманов: «Касым Тыныстанов баштаган иши аягына чыкпай калган. Аны биз калыбына келтиришибиз керек. Латын алфавитине кайтып келишибиз кажет. Биз буга чейин латын алфавитин 10 жылдан ашык колдонуп келгенбиз да. Бизге бул абдан ыңгайлуу. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жакшы салым болот», — деди .

Исаков латын алфавитине өтүү боюнча чоң талкуулар болуп жатканын, өзгөчө түрк тилдүү элдерди бири-бирине жакындатуу боюнча аракеттер бар экенин белгилеп: «Эгерде мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо, латын алфавитине өтүүнү колдойм. Латын алфавитине өтүү аракеттери этап-этабы менен болушу керек» -деди


Латын арибиндеги кыргыз алфавитинин Бахтияр Шаршеев сунуш кылган варианты.