Акын Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» аттуу китеби жарык көрдү. Китепте негизинен аты айтып тургандай өткөөл мезгилде автордун жүрөгүндө жүрүп келген жеке адамдык, жарандык сезимдери тууралуу сөз болот. 1000 нускада чыккан китептин көлөмү 15 басма табак. Баасы болгону 300 сом. Бул китеп  акындын төртүнчү китеби. Буга чейин Зайырбек Ажыматовдун «Жалгыздык» аттуу туңгуч китеби 1996-жылы жарык көргөн. Тогуз жылдан кийин экинчиси «Мелмил» деген ат менен, анан 2011-жылы «Нөлү көп жылдар» деген китеби басылып чыккан. Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Төмөндө сыясы кургай элек китепке кирген «ысык» ырлардан окуӊуз:

КЕЛЕЧЕК ШТРИХТЕРИ

Гаджеттерден шири кийип Адамзат,
Каяккадыр бара жатат карайлап.
Жаң-жуңдардын жаңы мууну, оо, бүгүн,
Жаратканга тең атадай жалаңдайт.

АдамФонддор башкарылган, башкарган,
Сүзүп өтөт оңдон, солдон, капталдан.
Кентаврдын каптап жаңы түрлөрү,
СмартАдам туш тарапта чакчайган.

Жашоо болсо жалаң эле жарыштай,
Жан чыркырайт чырт үзүлөөр кайыштай.
Байлык жарыш, таасир жарыш, бак жарыш,
Жөн жашоо жок, кадимки адам карыптай.

Алсыздарды муунтушуп, басышат,
Күчтүүлөрдү пайдаланат, сатышат.
Кожоюндар согуш кылбай Жер шарын,
Адамдардан бошотушуп жатышат.

Бүгүн маңкурт мурункудан күчтөнгөн,
Бүт дүйнөгө жаасын мелжейт түптөлгөн.
Интеллекти, гени, дени кубаттуу,
Буйрук берет бейиш, космос — бүт жерден.

Мен таштанды, сен таштанды — өзөк өрт,
Мээбизди уулап, эзип, өгөөшөт.
Бөлүп-жарып баарыбызды бир күнү,
Таштандыга ыргытууга жөнөшөт.

Балдар болот төрөлбөгөн атадан,
Жаралбаган, жаратпаган. Жасаган.
Биз акыркы кишилербиз, а мүмкүн,
Бул дүйнөдө адамдардай жашаган…

ЖҮРӨК

Дүк-дүк, дүк-дүк – аяр, жумшак какканда,
Дүйнө ойгонуп, кан айланып аккан да.
Алгач ирет ушул үндү эшиткем,
Апакемдин курсагында жатканда.

Дүк-дүк, дүк-дүк – сээп өмүр үрөнүн,
Дүкүлдөгөн, айтып мага сүйөөрүн.
Эгиз болгон бир чымчым эт менде да,
Ээрчип кагып энекемдин жүрөгүн.

Жаңылышып кээде ыргак, ирмемден,
Жайлай түшүп, анан кайра күүлөнгөн.
Туурап улам, дүкүлдөктү жүрөкчөм,
Тирүүлүктү апакемден үйрөнгөм.

Эне жүрөк жакын турса муюучу,
Эгер азга алыстаса туюучу.
Көкүрөгүн жыттап жатсам апамдын,
Көөдөнүбүз бирдей согуп туруучу.

Эй, адамдар, эсиңерге түйгүлө,
Жүрөктөрдү ажыратпай жүргүлө!
Кашайтты эле кайран эне-баланы,
Кара жоолук, анан башка үй-бүлө…

ЖҮРӨК ЖАНА ЖЕР ШАРЫ

Жүрөгүмдүн бир жагында зор кайгы,
Бир тарабы бар бакытка балкыган.
Кайран жүрөк — миң бир сырлуу турбайбы,
Кенен экен учу-кыйры чалкыган.

Бир жеринде дайра, көлдөр, деңиздер,
Бир жеринде чөлдөр жатат кум учкан.
Бир тарабы жайлоо, гүлдөр –бейиш жер,
Бакчасында жүрөт жаштык куруп шаң.

Күн да, Ай да бар экен бул жүрөктө,
Күйүт кээде күлкүлөргө алмашат.
Тилин безеп таңда куштар түнөктө,
Тирүүлүккө даңктоо ырын арнашат.

Күчү да бар түпкүрүндө жанардын,
Күчтүү мээрим — анын өзөк-тиреги.
Жарымы жаз, жарымы кыш… Адамдын –
Жер шарына окшош экен жүрөгү…

КАРШЫЛАШУУ

Каршылашуу жүрөгүмдө, башымда.
Карсылдашып кан-жинимди чачууда.
Өзүммүн мен чоң душманы өзүмдүн,
Өзүмдөн түк болбойт экен качууга.

Каршылашуу жан дүйнөмдө кайнаган,
Каршылашын кансыратып жайлаган.
Азаптанган жан дүйнөмдү аяйм да,
Азат кылбай жүргөнүмө арданам.

Канча жолу тазаландым, булгандым,
Кайдагы бир кыялдарга чулгандым.
Өмүр жетпес чокулардан карап мен,
Өзүмдү өзүм шылдыңдаган бир жанмын.

Сүйүүлөрдүн издеп жүрүп тунугун,
Сүйөмүн деп сага ырас муюдум.
Сен жөнүндө качам азыр ойлоодон,
Сени жоктоп акын болбой куруюн.

Бүгүнкү оюм билем эртең каталык,
Каршылыктар алкымыма такалып…
Тангының дейт тантыраган ырлардан,
Таңдар атат, жаздар келет жасанып.

Көңүлүмдү өзүм жүрсөм калтырып…
Кайран жүрөк жооруп бүттү, жанчылып.
Билем мени коштоп барат өлүмгө,
Тирүүлүктө бүтпөй ушул каршылык…

ЖАН КЫЯМАТЫ

Жашоо эмне, турабы түгөнүүдөн,
Жоголомбу жонулуп, бүлөнүүдөн?
Кантип жазам мен эми гүл тууралуу,
Катаалдыкка кайышкан жүрөгүмдөн.
Бирок, бирок чын айтам билесиңби?,-
Сүйөм сени! Дагы эле сүйөмүн мен.

Күн, Ай кулайт, кээде жылдыз кулайт,
Бороон улуйт көңүлдө узак-уза-ак.
Колу-буту таңылган көп адамдар,
Чечип кой деп таңуумду жалдырашат…
Бирок неге аларды башкалары,
Көрбөгөндөй көздөрүн ала качат?

Мен да неге дендароо, өлүктөймүн,
Мейкиндикке чачылган бөлүктөймүн.
Кайдан келдим бул жерге, качан келдим?
Ааламды бүт ашатып сөгүп көрдүм…
Эч дабыш жок! Демек бу эп окшойт го,
Так ушундай тагдырга көнүккөнүм.

Тулпар туйлайт а бирок жүрөгүмдө,
Шумкар шаңшыйт, а бирок, түнөгүмдө!


Жалгыз-жарым чыккам бир кез боз жолго,
Жаным дебе, болбойт жанды кошконго.
Жарытылуу тууган болбойм тууганга,
Жарытылуу дос эмесмин досторго…

Жалгандыктар мүмкүн мени аксатты,
Жалтак кылып, жабыктырып, чарчатты.
Жасалма окшойт түпкүрүндө бул турмуш,
Жакшы көргөн байлык, бийлик, мансапты.

Жан адамга тийбей балким керегим,
Жалгыз келгем, жалгыз кете беремин.
Ыйманымды ченегиси келишсе,
Ырда калат тайыздыгым, тереңим…