Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жергиликтүү тургун өз кызын зордуктаган. Бул тууралуу  укук коргоо орагндарынан маалым болду. Маалыматта: « Э.Д. аттуу өспүрүм кыз гинекологго кайрылып, боюнан алдыртууну суранган. Бирок, жыйынтыгында 8-класстын окуучусу бала төрөп, аны башка үй-бүлөгө сатып жиберишкен», -деп айтылат. Бул маалыматты Чүй ОИИББ да тастыктаган. Өспүрүм 4-июлда төрөгөн. Кыздын атасы деп эсептелген 53 жаштагы А.М. аттуу тургун кармалып, камакка алынган. Кызды төрөткөн дарыгерге жана кыздын ата-энеси жоопко тартылары күтүүлүүдө.