Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 5 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилгенин Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы маалымдады

Маалыматта: 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы 30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда болгондугу айтылат. BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. BMW-Х5 жолдун каршы тилкесине чыга калган. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерде мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе бар.

Ал эми BMW-Х5 унаасын 41 жаштагы аял айдап бара жаткан. Аны наркологиялык борборго алып барганда спирт ичимдигин ичкени аныкталган. Учурда рулдагы аял жана жанындагы жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасында дарыланып жатышат.

БМВ Х5» унаасы Кант шаарында жашаган 41 жаштагы аял кишинин башкаруусунда болчу. Ал эми «БМВ 530» унаасын Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну (эркек киши) башкарып жүргөн.

Каза болгон жарандар:

— Айдоочу А.Данияр (30 жашта);

— жүргүнчүлөр — Каракол шаарынын 1988-жылы туулган тургуну У.Альбина;

— Хабаровск (Россия) шаарынын 1977-жылы туулган тургуну А.Мамлакатхон;

— Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну А.Шахида;

— Шахиданын 2018-жылы 22-июнда төрөлгөн кызы.

Төмөнкү тасмаларды абайлап көрүӊүз: