Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 31-август эгемендик күнү менен куттуктады. Ал өлкөнүн башкы аянтында сүйлөп жатып, бийлик, коррупция маселеси боюнча мындай пикрин билдирди:

-Тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик бутактарындагы коррупция — улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды. Бийлик элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган. Мындан ары таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл. Биз дүйнө атаандаштыгына туруштук берип бир эл, бир журт болуп, урпактарга өнүккөн өлкөнү калтырууга милдеттүүбүз. Ал үчүн «түндүк-түштүк» деген түшүнүктү көңүлдөн гана эмес, көкүрөктөн, жүрөктөн жууп таштап, келечекти көздөй сапар алуубуз зарыл. Залкар замандашыбыз Чыңгыз Айтматов айткандай, түндүк менен түштүгүбүз — куштун эки канатындай. Экөө бирдей күүлөнгөндө гана бийиктиктерге жетебиз.

Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү — биздин милдетибиз. Баарыбыз жапа тырмак жаратмандыкка багыт алуубуз зарыл. Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт. Элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем беребиз. Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз. Экономикада, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, демократияны бекемдөөдө жаңы демилгелер ишке ашырылат-деди.

Ала-Тоо аянтында өткөн аземге президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган атка минерлер катышып жатышат.