Бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жаткан август кеңешмесинин жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл октябрь айында мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү маселесик аралып жатканын айтты. Айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болот. Баш бакан өз сөзүндө:

-12 миң айлык алган мугалимдердин айлыгы эми 18 миңди түзөт. Биз татыктуу келечек ээлерин тарбиялоо үчүн мугалимдерге болгон шарттарды түзүшүбүз керек — деди.

Өкмөт башчы быйыл Кыргызстан боюнча 157 социалдык объект курулуп жатканын, анын 117си билим берүү мекемелери экенин кошумчалады.