Балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Эстониянын борбору Таллин шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Ал финалган чейин: украиналык Кристина Малявканы 11:0, экинчи беттешинде орусиялык Кахум Валиеваны 1:1, чейрек финалда канадалык Берит Жонсонду 10:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда америкалык Жэйден Лэй Лаурент менен күч сынашып, 11:0 эсеби менен жеңишке жетишкен. Финалдык беттеште жапониялык балбан Наруха Матсуюки менен таймашта 2:4 эсеби жеңилип күмүш байге алды.

Финалдык беттеште алгачкы эки упайды жапон кызы алган. Кийин Мээрим эки упайлык ыкма жасап, эсепти теңеди. Беттештин бүтөрүнө 30 секунда калганда жапониялык кыз эки упайлык ыкма жасоого үлгүргөн.

Мээрим Жуманазарова 19 жашта. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын үч жолку чемпиону. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло, 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. Андан сырткары жайкы Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (2018-ж. Индонезия). Чоңдор арасында өткөн Азия чемпионатында акыркы эки жыл катары менен 3-орунду ээлеп жүрөт. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.