Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу Аскер прокуратурасы тарабынан маалымдама берилди. Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин берген маалыматына караганда, жаңы козголгон эки кылмыш иши Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу.

«Атамбаевге биринчи маалымдама ал кармалган күнү берилген. Андан соң ИИМ тогуз маалымдама берген. Эми бүгүн дагы эки маалымдама берилди. Жаңы мыйзамдар боюнча эгер маалымдама берилсе кылмыш иши козголду деп эсептелет. Алмазбек Атамбаев кармалган биринчи күндөн баштап конституциялык укугун пайдаланып, коюлган айыптарга макул болбой, тергөө документтерине кол койго​н жок. Ал муну Конституция жана анын укугу бузулуп жатканы менен түшүндүрүүдө».

Белгилүү болгондой 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган.