7-августтан 9-августка чейин Кой-Таш айылында жана Бишкек шаарында болгон окуялардан мэрия 2 миллион сом чыгым тартканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул күндөрү Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 70 автобус бөлүнгөн. Алардын 30унун айнеги талкаланып, бир автобус жарактан чыккан. Баштапкы эсеп боюнча аларды ондоого 2 миллион сом керектелет. Андан тышкары күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калды.

9-августка караган түнү Бишкектин борбордук аянтына жүздөгөн адамдар чогулуп, башаламандык уюштурушкан. Андан шаардагы үч таштанды контейнер өрттөлүп, 84 темир тосмо сынган. Мындан тышкары, Бишкектин айрым жерлеринде «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокөзөмөл камералары талкаланган. Маалымат технологиялары жана байланыш комитети анын чыгымын 4 миллион сомго баалап жатат