Аскер прокуратурасы «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишин иликтеп жатканы боюнча маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматты таратты. Маалыматта: Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен ачылган иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы айтылат. Иш Аскер прокуратурасына 13-августта келип түшкөн.

Айрым массалык маалымат каражаттары «Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына жашыруун маалымат берип турган» деп айыпталып жатканын жазышууда.

Ошондой эле бул маалыматта: » Милициянын генерал-майору Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган. Мында мыйзам одоно бузулган», — деп айтылат.