Ички иштер министрлиги министрдин орун басары Курсан Асановдун кызматтан бошотулушунун себептери тууралуу кененирээк түшүндүрмө таратты.

Билдирүүдө айтылгандарга караганда, Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө мурдагы президент жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүүнү жүргүзгөн, анда Алмазбек Атамбаевдин кан төгүлбөстөн колго түшүп бериши керек экендиги жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгы баса белгиленген. Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болбой, атышууга даяр экендигин билдирген.

Министр атышуу жакшылыкка алып барбай турганын белгилеп, өз эрки менен колго түшүп берүүсүн айтуу менен бирге абалды курчутпоону талап кылып, Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген. Сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда Алмазбек Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жигит болгон. Жолдубаева «алар чыкпай турганын, каршылык көрсөтөрүн» айткандан кийин гана штурм жасоого мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы үч мүнөт убакыт берилген.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде, жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сырттагы кызматтык ордун таштап Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткени айтылат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Асанов өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү катары бааланган. Билдирүүдө белгиленгендей курал-жарактарды криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгына, фото-видеону атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталгандыгы анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон.

Мындан тышкары, социалдык түйүндөрдө Атамбаевди кармоо учурунун алдында берилди деген пакет тууралуу тасма тароодо. Ал пакети Атамбаевдин кеӊешчи Кундуз Жолдубаеваны 8-августун түнүндө ИИМге алып келип түшүрүп жаткан кезде колунан көрүүгө болот. Айрым маалыматтарда ал пакеттин ичинде акча бар экендиги, ал акчага Курсан Асановду байланыштырып жаткандар да бар. Бирок азырынча пакет маселелеси боюнча укук коргоо органдары тарабынан маалымат айтыла элек. ИИМ тергөө маселеси боюнча Жолдубаеванын телефонун алып койгон. Жолдубаева ал телефонго Атамбаевди кармоо учурун, Асанов менен сүйлөшкөнүн толук тарткан.