Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев басма сөз жыйынында билдирди. Ал президент Жээнбековго Атамбаевди  кармоонун беш вариантын сунуштаганын баса белгиледи. Атайын кызматтын төрагасы:  «Сооронбай Шариповичке беш вариантты алып барып көрсөткөм. Ал күч менен алып келүү боюнча катуу тапшырма берген. Бирок курал колдонуп, ок атылбасын, эл жапа чекпесин деп эскерткен. Бирок бул операция качан жасалат жана кайсы вариантты колдонорубуздан кабары болгон эмес. Чечимди өзүм кабыл алгам», — деди.