Эки жылга жакын убакыттан бери эли-жеринен бөтөн жер, бөтөн элге безип кеткен бизнесмен-саясатчы Бабанов бүгүн Бишкекке кайтып келди. Эргулдун келиши боюнча маалымат эл ичинде ар кандай талкууга алынууда. Анын айрым тарапташтары энелери эркек төрөгөндөй сүйүнүп жатса, айрымдары көӊүл үчүн деле көккө шапкесин ыргытып жатышат. А, негизинен акыл-эстүү, мыйзамды сыйлаган көпчүлүк бир эмес, эки кылмыш иши козголгон, акыркы 20 жыл ичинде кыргыз саясатында жүрүп, убагында Айдарга, Максимге таянып алып, кыйла рейдерлик саясатын ийгиликтүү ишке ашырганын жакшы билген көпчүлүк Бабановду камоону талап кыла башташты. . УКМК кечээ Бабанов кайтып келсе жоопко тартылары боюнча маалымат таратканы менен бүгүн аны аэропорттон тосуп алган жок.

Кан төгүлгөн учурда жеке кызыкчылыгына пайдаланып…

Анын буга чейин эки ирет келүү аракетинен майнап чыккан эмес. Ал учурда камай турганы айтылган соӊ, келбей турганын жар салган. Бул ирет ал өлкөдө ызы-чуу болуп, Кой-Ташта кан төгүлүп, адам өлүп жаткан кырдаалды жеке кызыкчылыгына пайдаланганы көрүнүп турат. Анчалык жүрөктүү болсо, тынч учурда келбейт беле…

Сүйлөшпөсө, келбейт эле…

Жакында ЖКнын Канат Исаев баштаган бир катар депутаттары аны менен Москвадан жолукканы ачыкталган. Депутат Зулупукаровдун да барганы айтылган болчу. Мына ошондон кийин Исаевдер качкын Бабановдун Кыргызстанга келишин камсыздап, бийлик менен сүйлөшүп жатат деген кеп кеткен. Албетте, андай сөздөр бекеринен айтыла бербейт… Чынында Бабанов өзүн өтө жакшы көргөн, жаны таттуу саясатчылардын бири. Ал алдын-ала сүйлөшүп албаса, келбейт эле… Кырдаалга шылтоо кылып, УКМК жоопко тартылат дегенине карабай бүгүн шадыраӊдап келгенине караганда коендой коркок эргулга «дух» пайда болуп, жүрөктүү болуп калыптыр. Демек, бул маселенин да чоо-жайы жакында ачыкталышы толук мүмкүн. Бирок кандай болгон учурда да мыйзамды бузуп кылмыш кылгандар ким болгунуна карабай, мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.