Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын бөлүктүн кызматкерине спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн деген кабар таратты. Ошондой эле ок үй тараптан чыкканы айтылат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген. Жалпысынан 48 адам ар кандай деӊгээлде жарадар болушкан. Алардын көбүнө желим ок, бир канчасына аскердик ок тийгени айтылууда.