Прокуратура мурунку министр Конгантиевдин акталышына каршы болгон апелляциялык арызын шаардык сотко 12-июлда берген. Бул иш боюнча ишти   Бишкек шаардык соту бүгүн карай баштаган.
  Бүгүнкүгө белгиленген сот башка күнгө жылдырылды. Себеби, сотко тиешелүү адамдар келбей калган. Конгантиев 2010-жылдагы 6-7-аапрель окуялары боюнча күнөөлөнүп келатат. Ал президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго жүгүрүп, катуу иштегени маалым.