Берекеңден кагылайын кутман жерим Ноокатым, кандай адамдардын колунда калдың деп ыйлагым келет. Бул жерде акыйкаттык деген такыр калбагандай. Мамлекет тарабынан берилген ырыскысына ээ кылбай, карапайым калктын балдарынын бир сындырым нанын тартып жепген кландык чөөлөр көбөйдү. Ноокат районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мурзаев Равшанбек Акматалиевичтин ар бир балага чыккан жөлөк пул үчүн «ыраазычылык» алып, «бата» берип турат дейт. Андай «батанын» баасын иши түшкөндөрдөн сураса божурап айтып беришээр…
Бул себептен улам, чыныгы жардамга муктаж үй-бүлөлөр жөлөк пул албай калган учурлар арбын. Ал эми бала төрөлгөндөгү сүйүнчү акчаны толук бербей, орто жолдон өөнөп калмай «өнөрүн» көпчүлүк билип калды. Айрыкча өзбек улутундагы үй-бүлөлөр мындай паракорчулукка катуу баш ийишкендиктен, дароо эле сураганын бере салып иштин бүткөнүн эсеп кылышат дешет. Майыптык учун пенсия дагы дал ушул система менен жүргүзүлөт. Бул үчүн Равшан Мурзаевди эч ким сурак кыла албайт. Анткени ал
депутат Төрөбай Зулпукаровго урук-тууган, жек-жаат деп айтлып, ага таянат дешет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министири Улукбек Кочкоров бул маселеге көңүл буруп, абалды жөнгө салат деген элдин үмүтү зор. Андыктан, президенттик шайлоодогу Сооронбай Шариповичтин татыктуу атаандашы, таза саясатчы катары эгер Равшан Мурзаевге чара көрүү жагын көрмөксөнгө салса, кадырына доо кетип, ишеничтен чыгып калаарын ойлонушу зарыл. Бул иштин чын төгүнүн Ноокаттык ар бир эле адамдан соцсурамжылоо жүргүзсө тастыктап берет.

Замир Болотов