Антонина Шевченконун чехиялык спортчу Люси Пудилованы утуп алган беттеши UFC on ESPN 5 турниринин мыкты кармашы деп таанылды. Бул таймаш Шевченконун UFCдеги экинчи жеңиши болуп калды.  3-августта ал атаандашын муунтуу менен жеӊип алган. Атаандашы эсин жоготкондо калыс таймашты токтотууга аргасыз болгон. Бул беттеш үчүн эки спортчу тең сый акысынын үстүнө дагы кошумча  50 миң доллардан ала турганы маалым болду. Антонина бул беттеште жалпысынан 93,5 миң доллар алса, жеӊилген Люси 69 миң доллар алган.