Белгилүү ырчы Бек Борбиев өзүнүн ФБ баракчасын Бакиевдер жана аларга барып ырдаганы тууралуу маалымат жазды. Төмөндө ырчынын пикирин толук жарыялайбыз.

-Урматтуу фейсбук дүйнөсүндөгү достор, санаалаштар! Бул постту жазуумдун себеби кечээги «бир» депутаттын (атын билбейм, эсиме тутпайм аттарын) менин жана сахналаштарымдын дарегине карата айтылган «эленбеген» сөзү болду. Эленбеген деп кыргызча которуп алдым, а мындай айтканда «нефильтрованный базар» дечи беле)))
Менин наамым көп адамдардын уйкусун бузуп жүрөт, аны билем. Былтыр эле айткам, керек болсо өкмөттөн буйрук чыгартып, ажого кол койдуруп алып салгыла. Менин жашоомо материалдык жактан ал наамдын эч кандай пайдасы жок. Ал эми руханий жактан Эл артистине жетели деп аракет кылаар стимул бар эле, андан үмүт үзгөнүмө көп болду.
Бакиевдин тоюна барып ырдап келгеним, кайталайм, ал менин жеке жумушум. Эгер ал адам биздин бийликке душман, кылмышкер адам болсо кармап келип жоопко тарткыла! Эмне, мен барган жерге силер баралбайсыӊарбы!? Ооба, акча төлөп беришти баргам, бекер барып ырдап бере калаар алар мага эч ким эмес. Бийликте турганда мени көтөрмөлөп чоӊ кызматтарга койгон эмес, кээ бирөөлөргө окшотуп мени Ак үйдө иштеткен эмес. Акаевдин убагында иштеген деӊгээлден Бакиевдин убагында бир тепкич да өйдө көтөрүлгөн жокмун. А тескерисинче Бакиевдин убагында чалчаӊдап жүргөндөр азыр ал кезден да эркелеп, Ак үйдө олтуруп алып мени Минскиге барып келиптир дегенине күйөсүӊ.
Биз өнөр адамдары көп «кылмышкерлердин» алдында ырдайбыз. Түрмөнү айтпай эле коеюн, 25-30 жылдан бери Кыргызстанды талкалап, соруп, алдап элдин акчасын жеп, бирок жоопкерчиликтен качып, ак көйнөк кийип,  галстук тагынып керек болсо депутат, министр болуп олтуруп алгандардын да алдында тилекке каршы ырдап жүрөбүз. Кайсы бийлик болсо да колтугуна кирип тоодой бизнес, базар, алтын кендерин жулуп алып, кенедей элдин канын соргон кылмышкерлердин да тойлорунда кызмат кылып жүрөбүз..
Биздин өлкөнү парламент башкарууда, ошол жерде олтуруп алып бирөөгө жагынайын деп тантырагандын ордуна, элге кызмат кылбайсыӊбы. Четинен кыргыздын жерлери коӊшуларга өтүп кетип жатат, ГЭСтердин тагдыры,кыргыз тилинин кейпи, сомубуз арзандап баратат, чет өлкөлөргө жумуш издеп күндө жарандарыбыз суудай агылат. Жумушсуздук , сойкулук, баӊгилик, наркотрафик, уурулук, коррупция, паракорчулук күндөн күнгө күчөп баратканы калппы? Же парламент алар менен күрөшүп , иш алпарып бүттү беле?
Тарыхты карасак, өнөр адамдары чындыкты айтып, бийликтин кемчилигин көзүнө көрсөтүп келген. Керек болсо парламент дагы мени муну ырда, куудулдарга тигини айт деп айттыралбайт. Биз демократия, сөз эркиндиги бар мамлекетпиз.
Бир гана кейиткен окуя, 2010-жылы апрелде каза болгондор. Аллах жаннаттан жай берсин. 100 адамдын каны төгүлдү эле, азыркыларды бийликке алып келиш үчүн. Эмне өзгөрүлдү, эмне жагынан өсүп атабыз, көп убадалар болду эле. Ошол балдар жанын берген үмүттөр аткарылдыбы, аткарылаар бекен?
Мына ушул айтаар сөзүм. Мени чыккынчы деп айтаардан мурда, өзүн ошол жерде олтуруп алып, туура эмес мыйзамдарга, токтомдорго жогортон айтылды деп добушуӊду берип, туура эмес министр, адашкан талапкерлерди колдоп, кызматтарга коюп Кыргыз элине чыккынчылык кылган жоксуӊбу? Албетте, эл көрүп, билип эле калды..
Силерге окшогон бийлик кошоматчылары кетет, ал эми өнөр адамдары-биз эл менен калабыз.
Жараткан бийликке да, ага каршыларга да ыйман берсин. Кайсыл партия, кайсыл өнөр тармагы, кандай жумушта иштесек да жүрөгүбүз – Кыргызстан деп согот. Мына ошол бириккен жерибиз.  Бар болуӊуздар, рахмат!