Польшада өткөн  «Poland Open 2019» эл аралык күрөш турниринде кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова финалдык мелдешке катыша албай калды. Кыргызстандык айтылуу  балбан кыз 3-августта 62 кг. салмакта күч сынашып, Швециядан, Украинадан, Орусиядан келген атаандаштарын утуп, финалга жолдомо алган. Бирок жарым финалдык таймашта тизесин кокустатып алган. Мына ушул жаракаттан улам,  финалда Тунистен келген балбан менен күрөшүүдөн баш тартты. Анткен менен Айсулуу аталган эл аралык турнирдин күмүш медалын тагынды.  Тыныбекова  14-сентябрда Астанада  өтө турган дагы бир маанилүү  турнирге катышмак.  Мына ушул себептен да, жаракат алган бутун күчөтүп албоону көздөгөн. Ал турнирдин жеңүүчүлөрүнө  эмдиги жылы Токидо өтө турган Олимпидага лицензия берилет.