Антонина Шевченконун чехиялык спортчу Люси Пудилованы утуп алган беттеши UFC on ESPN 5 турниринин мыкты кармашы деп таанылды. 3-августта ал атаандашын муунту менен утуп алган. Атаандашы эсин жоготкондо калыс таймашты токтотууга аргасыз болгон.

Бул беттеш үчүн эки спортчу тең сый акысынын үстүнө кошуп 50 миң доллардан ала турганы маалым болду.