«Манас» чындыгында адамзат тарыхынын бүтүндөй бир доорун, кайталангыс катмарын түзгөн  көчмөн цивилизациянын, көчмөн маданияттын, көчмөн рухтун көз жоосун алган ажайып көрүнүшү, кыргыз элинин тарыхын даңазалаган, азыркы күнгө келип жеткен көөнөргүс көркөм-руханий мурасы, элдин үмүтү, ыйы, каада-салты, арман күүсү. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Жер жүзүндө китеп аттуунун төл башы байыркы “Библияда” биздин коомдук көз карашыбызга шайкеш келбеген жерлери толуп жатат. Ошого карабай, бүткүл байыркы инсанатка тийешеси бар “Библияны” адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай тарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеяларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катарында биз аны баалайбыз. Ошонун сыңарындай байыркы кыргыздын оозеки “библиясы” – “Манас” татаал жана улуу нерс” деп жазган.

Кыргыз эпосу “Манас” өзгөчө орунду ээлейт, 1995-жылы ЮНЕСКОнун “Улуу жибек жолу-диалогдун жолу” деген программанын алкагында эпостун 1000 жылдыгы белгиленген. Өзүнүнүн сейрек кездешүүчү жаңырыгы менен кыргыз этносунун сөз искусствосу жана руханий маданиятына таандык болгон бул эбегейсиз чоң эстелик, башка элдердин фольклорунан биринчи кезекте анын калыптанышында башкалардан айырмаланган жана тарыхый тагдыры менен шартталган.

  “Манас” эпосунун 1000 жылдыгында  Рим Папасы Иоан Павел II: «Манаста» адамдардын оюнда, жүрөгүндө жана турмушунда азыркыга чейин жашап жаткан элдин эзелки руху камтылган»,- деп так айтып кат жөнөткөн. Изилдеп, окуп, билип туруп берген баасы. Дүйнө жүзүндөгү эпостордун алпы, эң башында турган, далили менен жашаган “Манас” эпосун бекеринен Улуу держава болгон Кытай Эл Республикасы операга айлантып, булбулдай сайратып койбогондур…

 Ошол Манас-1000 мааракесинде гран-прини жеӊген манасчы Назаркул Сейдрахмановдун 70 жашын утурлай Талас эли сыйлап берип жаткан сыйлыктарга күбө болгонумду, манасчы агага эс тутум катары жазып койгон элем.  Кыргыз Республикасынын Талас Мамлекеттик Университетинин “ардактуу профессору” деген  окумуштуулук  наамы берилген дипломду манасчы  Сейдрахманов Назаркул Эшенкуловичке ректор Упенов  Айбек Шерипбекович 24-июнда окумуштуулар кеңешинин жыйынында тапшырды.  Упенов Айбек өз сөзүндө: “Манастаануу илимин Манас атанын кичи мекенинде негизги илимдин багыты катарында иш алып барылат. Бизде манастаануу сабагы киргизилген. Жаңылбасам Кыргызстанда  бир-эки эле окуу жайында бар. Биздин университетде жалаң гана изилдөөдө эмес, окуу процессинде да манастаануу сабагы бар. Манасчы Назаркул агайдай ардактуу профессордун бар болушу бизге чоң сыймык”-деди.

  Алмата шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу Алымкулов Алиясбек сөз сүйлөдү:  “Кээде асыл адамдарыбызды барктай албай келебиз. Назаркул аба Айкөлдүн баянын айтканда Демирель ордунан тура калып, ошол бойдон отурбаптыр. Мына коңшу мамлекеттин башчысы Назарбаев Кыргызстанда “Манас” эпосуна байланышкан эмне китеп чыкса 10-күндүн ичинде алдырып, окуп чыгат экен. Айкөл атабыздын баянын кийинки урпактарга үйрөткөндү Назаркул аба сизге насип кылсын, жараткан сиздин өмүрүңүздү узун кылсын, үй-бүлөңүздүн башында аман болуңуз. Биздин мамлекет сиздин эмгекти татыктуу баалап алат деген ойдомун. Дагы бир жолу сиздерге  Назаркул абага сыйынган, Айкөл атага сыйынган, Назаркул абага кылган урматыңар, Айкөл Манаска кылган урматыңар, Назаркул абага кылган мамилеңер, кыргыз элин дүйнөгө таанытып Империя кура алган Айкөл атага кылган урматыңар. Манасчы Замирбек Баялиев өз сөзүндө: “Талас Университетинде ушул жерде манасчы Камил Мамадалиев экөөбүз билим алганбыз. Агай-эжейлер сиздерге рахмат.  “Мугалим мөмөлүү дарак”- деп бекер айтылбаса керек. Мына кайра сиздер менен ушундай кубанычтуу күнү жолугуп атканыма, манасчы устатыбыз Назаркул абага чыӊ ден-соолук, иштериндеги, чыгармачылыктагы ийгиликтерди каалаарын”- билдирди.

Аягында манасчы Назаркул Сейдрахманов өз сөзүндө: ”Баарыңыздарга чоң рахмат. Талас элине, Талас жерине, агай-эжелерге ийгилик каалайм. Эл-жерге тынчтык болсун, жалпы жашооңуздарга ийгилик, дайыма жакшылыктын үстүндө эле үй-бүлөңүздөр менен аман болуңуздар”-деген каалоосун айтты.  

 Бүгүнкү күндөгү эгемендикти алып эркин мамлекет болгону, 30-жылга жакын убакытта, манасчылык кандай өнүккөнүн изилдеп жаттык эле. Манасчылардын катары суюлуп, дакидей сүзүлүп, үзүлүп бара жаткан өнөрдү 90-жылдардын башында Талас өрөөнүнөн Назаркул агай айтып, көп жыл Филармонияда манас айтып, төкмө акындар Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, манасчы Уркаш Мамбеталиевдер менен иштеген. Өзүнүн манасын айтып,  шакриттерин өстүрүп келе жатат. “Манас-Мурас” коомунда жаш манасчыларды тарбиялайт. Кыргыз улуттук консерваториясында жана Бишкек шаарындагы №67, №68-мектеп-гимназияларында көп жылдан бери “Манас” сабагы боюнча окутуучу болуп эмгектенип келет. “Жети илик” деген ат менен манасчы өз вариантын китеп кылып 2015-жылы басмадан чыгарган. Бул китепте Манастын Сейтектен кийинки жети урпагы тууралуу маалыматты берет. Бул китеп жаңы вариант катары манастаануучулардын илимий изилдөөлөрүнө кызыктуу материал. Окурмандарга “Манас” эпосунун жаңы уландысын окуп, көркөм таанып билүүсүн байытаары шексиз. Манасчылардын айтуусуна дүйнө туюмуна, көркөм көрөнгөсүнө, ой чабытына, көз карашына айтуучу жашаган мезгилге байланыштуу болоору белгилүү. Манасчы Сейдрахмановдун “Жети илтиги” “Эр Кенен”, “Эр Сарык”, “Кулан Сарык”, “Алым Сарык”, “Жигитек”, “Сомбилек”, “Жез Билек” бөлүктөрдөн турат. Бүгүнкү күнү манасчыларыбыздын 60 пайызын түзгөн Талас өрөөнүнөн чыккан манасчылардын көч башында Назаркул Сейдрахманов турат. Талас мектебинин негиз салуучусу катары карашат. Назаркул агага кутман курак кут болсун! Ден-соолугуңуз болуп, Уулу сөздүн баянын урпактарга баяндап бар болунуз!

                                                            Чолпон Субакожоева