Новелла

Улуу тоодо ыркыраган муздак бороон кар сапырып турду. Анын чубалжыган этегине илинген карагайлар ыргалып, кээ бирлери карс сынып жатты. Бороон ошого корстон болгондой долуланат. Кар-тозоңу будуң-чаң. Кош кадам аралык көрүнбөйт. Жакын эле жерден карышкыр улуду. Чоң таштын булуңунда жаткан жалгыз аркар селтең этти. Бул Акмаңдай эле. Тура каччудай обдулду. Кабыргадай ийри мүйүзү ташка тийип, башы салмактана түштү. Таштын кобулу жапыз болучу, киргенде эңкейип башын жерге салып кирген. Анысы эсинен чыгып кетиптир. Тумшугун көтөрүп, кыйлага жыт искеди. Жок, карышкыр эмес окшойт, балким, бул жөн гана шамалдын ышкырыгыдыр. Ушул ой аны тынчтандырып, аз болсо да токпейил кылды. Кобулдун төр жагына жылып, бороондун улуганын тыңшап жатты. Карс этип, дагы бир карагай сынды. Акмаңдайга мылтык атылгандай сезилди. Денеси жыйрылып, жүрөгү титиреп кетти. Көз алдына Кара кишинин элеси тартылды. Колунда соройгон мылтык. Демек, ал — өлүм. Ошол өлүм аркардын далай жакындарын, бир туугандарын, акырында козусу менен Орок-Мүйүзүн алып кеткен. Үйүрдөгүлөрдүн далайын кансыктаткан. Тээ эзелтеден бери конуштап келген Аркар-Сай өрөөнүн таштап кетишке мажбурлаган. Бетегеси белден буралган, көз жашындай мөлтүр булагы шылдыраган жайлуу мекен эле. Акмаңдай ушул жерде жарык дүйнөгө келип, ушул жерден телчиккен. Балалыктын бактылуу мезгилин өткөрүп, кийин толукшуган кезинде Орок-Мүйүз аттуу жаш кулжага ушул жерден кезиккен. Ал учур өзүнчө бир айтып бүткүс ажайып кез эле. Турмуш дал ушундай сайрандан гана курулгандай, кайгы-капа жок. Ата-энеси жанында. Бир туугандары оюн салып, таштан-ташка секирет. Тоо койну бейпилдикке батып, жан-жаныбарлар бейкут жашап жатышкан эле. Орок-Мүйүз жанында экенинде дүйнөсү түгөл болучу. Оо, ошондогу жашоо кандай гана сонун, кандай гана керемет эле. Айрыкча, тун козулуу болгондогу кубанычты айтпа. Кичинекей бозумтук козусу көзүнө апакай, баарынан татынакай көрүнчү. Анан ошол бакыт капысынан ташка тийген айнектей быркырап, бардыгы кыйсыпыр түштү…

Күнү бүгүнкүдөй көз алдында. Ал күнү Аркар-Сайдын күнөстүү бетинде бейкапар жайылып жүрүшкөн. Акмаңдайдын козусу чөп түрлөрүн терип жеп, жанында текиреңдеп оюн салууда. Асман шаңкайып, күн төбөдө балбылдайт. Орок-Мүйүз да жанында. Сыдырым желге шыңга бой карагайлар ыргалып, түгөнбөс бийин бийлешет. Тээ ак мөңгүлүү чокуда улар ышкырат, ага экинчиси үн кошот. Төмөндө Кашка-Суу күүлдөйт. Канаты кооз кош калдыркан бирин-бири кубалап, гүлдөн гүлдү тандашат.

Тарс! Капилет чыккан бул үндөн тоо бир силкинип алды. Кулак жарган үн тиги беттеги жар ташка тийип, андан кайра кайыды. Карагай арасынан түркүн канаттуулар асманга көтөрүлүштү. Бул чөлкөм заматта чуру-чуу түшүп калды. Акмаңдай адегенде эмне болуп кеткенин түшүнө албай делдейди. Анан Кароол- Дөбөдөгү сакчы кулжанын төмөн кулап баратканын көрдү. Борчуктарга тийип-тийбей баратты артынан таштар куюлуп… Муну ал көз ирмем аралыгында көрдү. Жайылган аркар-кулжалар дыр берип, өр таянышты. Орок-Мүйүз менен Акмаңдай алардын артында баратышты. Козусуна акмалап, көп узай алышпады.

Тарс! Үн дагы кайталанды. Эми жанындагы Орок-Мүйүз оңкосунан сайылды. Акмаңдай күү менен өтүп барып токтоду. Кылчайып артын карады. Орок-Мүйүз турууга аракет кылды, болбоду. Көөдөнүнөн кочкул кан диркиреп, бодур ташка жайылып жатканын көрдү Акмаңдай. Заманасы куурулуп кетти. Жанына учуп жетти. Орок-Мүйүз акыркы күчүн жыйып, тунарып бараткан көзү менен аны карады. Көзүнө көзү урунду. «Кош бол, менин ардагым. Биз эми көрүшпөй калдык. Козубузга сак бол, аны сакта». Бул анын соңку керээзи болучу. Акмаңдайдын башы тегеренип, жыгылып кете жаздады. Жылуу кандын жыты бүткөн боюн шалдыратып койду. Ал өзү теңселбей эле, бүтүндөй тоо теңселип жаткансыды. Чуркап келген козу аны жыттады. «Тур, эмне жатып алдың, ата, тур» дегендей, капталга акырын сүзгүлөдү. Тарс! Тоо дагы бир ирет солк этти. Кулак түбүнөн ышкырган бир нерсе өттү. Акмаңдай жалт бурулду. Ушул учурда Орок-Мүйүздөн ажырай албай, жыттагылап турган козусу аласалып жыгылганын көзү чалды. Жүрөгү бир башкача булкуп алганын сезди. Бир секирип, жанына жетти. «Кагылайын каралдым, эмне болуп кеттиң! Кара көзүмдү кашайтпа, берекем. Атаңдын кеткени деле аздык кылбайт. Тур, тура гой. Каргыш тийген октон алыс кетели. Турчу, кагылайын! Мени каңкыйтып жалгыз калтырбачы, асылым! Оо, касиетиңден айланайын улуу тоолор, неге менин маңдайымдагы эки бирдей шамымды өчүрттүңөр? Неге аларды калкалап кала алган жоксуңар? Кош канатымдан бирдей айрылгандай эмне жазганым бар эле?.. Неге силер мылтык сунгандын көзүн көр, колун шал кылып койбодуңар? Жонуңдан неге силкип таштабадың, кагылайын жер… Сен да мендей зыркырап, сыздап кал, Кара киши!» Бул Акмаңдайдын – жаш эненин зары эле, пендезатына болгон каргышы эле.           

Жылдыз толгондо элеңдеген Акмаңдай козусу жыгылган жерге келатты. Ал негедир анын өлгөнүнө ишенген жок. Туруп алып, мурдагыдай эле оюн салып жүргөндөй сезиле берди. Берки аркар-кулжалар эчак кыр ашып, башка тарапка ооп кетишкен. Акмаңдай аларды жарым жолго чейин ээрчип барып, кайра тарткан. Орок-Мүйүзү менен козусун таштап кете албасын билди. Ал экөөсүз бу дүйнөдө өзү жалгыз калгансыды. Айсыз тоо арасы ого бетер караңгы. Ого бетер сүрдүү, коркунучтуу. Кара кишинин элеси көз алдынан кетпейт. Коюу караңгы түндү жиреп отуруп, Орок-Мүйүз менен козусу жаткан жерди оңой эле тапты. Мына, кымбаттарынын канга аралаш жыты. Кандай жагымдуу жана жүрөктүн үшүн алган жагымсыз жыт. Далайга искеп турду. Ушул жыттан жүрөгү тилингендей ачышып турду. Жыты калган менен өзү жок эле. Бир аз нары басып, Орок-Мүйүз жыгылган жерди тапты. Козусу ок тийгенде бир секирип барып, тигиндейрек жерге жыгылган. Бирок, экөөнүн аралыгы жакын эле. Дагы канга аралашкан жыт. Өзү жок. Аларды каргыш тийген Кара киши алып кеткен. Жоготуунун эмне экендигин, бактысыздык деген эмне экендигин азыр сезди. Жан дүйнөсүндөгү бир нерсе тырс үзүлгөнсүдү. Алсырап, чөк түшө очорулду. Кан жыттанган жерге кыңайды. Бардык нерсе ал үчүн эми маанисиз, кунарсыз болуп көрүндү. Жашагысы келбей кетти. Эмне кыларын билбей, эси эңгиреди. Ордунан туруп, жыгылып кетчүдөй темтеңдеп, кайра козусу өлгөн жерге барды. Анан кайра келди. Жылдыздар суюлуп, таң куланөөк салгыча эки ортодо ушинтип жүрө берди. Бул ортону көзүнөн тамган жашы каршы-терши чырмап, бекем туташтырып салды. Таңкы шоокумда жыгылып кетчүдөй эрбеңдеген жалгыз аркар артын кылчак-кылчак карап, кырды ашып баратты. Бул арылбас арманга белчесинен баткан Акмаңдай эле. Ушул көрүнүш күн сайын кайталанып турду.

Мына, кайра жадыраган жаз, толукшуган жай, анан күз өтүп, минтип кычыраган кыш келди. Баары бир Акмаңдай бул чөлкөмдөн кете албады. Жалгыз калды. Күндүзү көздөн далдоо оттоп, түнкүсүн келип жүрдү. Буга асмандагы жымыңдаган жылдыздар, толукшуган Ай күбө болушту. Сырын ичине каткан залкар тоолор күбө болду. Күндүр-түндүр күркүрөп аккан Кашка-Суу күбө болду. Буга жан-жаныбарлар түгөл күбө болушту. Бир гана Кара киши күбө болгон жок. Аттиң…

Бороон дале улуп жатты. Таштын кобулуна шамал тийбегени менен Акмаңдай чыйрыга баштады. Ачкачылык бир жагынан кыйнайт. Кар калың түшүп, оттоого мүмкүн болбой калган. Төмөндөгү жайыкка түшүү кооптуу. Ал жакта Кара киши бар. Анын өзү эмес, дили, бүтүндөй жан дүйнөсү кара болучу. Ошондуктан аны ушундай аташчу. Бирок, андан коркуп жата бергенге болбойт эле. Ачкалык аны акыры жайыкка түшүүгө аргасыз кылды. Таштын кобулунан чыгып, Орок-Мүйүз менен козусу өлгөн жерге илкип араң жетти. Ызылдаган бороон менен омуроого өтө чапкан кар ал жерди көөмп салыптыр. Ушунча убакыттан бери имерчиктетип, байланыштырып турган көрүнбөгөн жип чырт үзүлгөнсүдү.

Эртеси күн чайыттай ачылып, тоо койну мемиреп турду. Көз жеткен жердин бардыгы акка тунуп тунжурайт. Дүйнөнүн өзү акка бүтүндөй оронуп калгандай. Жай бастырып келаткан Кара киши бет маңдайындагы имерилиштен капысынан чыга түшкөн жалгыз аркарды көрө койду. Аралык жакын эле. Көздөрү чагылыша түштү. Аркардын коймолжуган, жаш мөлтүлдөгөн көздөрүнөн каардын чачыраган учкундарын, ушунчалык жек көрүүнү сезди. Кандайдыр бир күч аны селт эттирип алды. Эми Акмаңдай андан жалтанбады. Негедир кайраттанып, бир башкача сөөлөт менен башын жогору көтөрүп, алдыга басты. Азыр ал эч нерседен кайра тартпайт эле. Кара кишинин көзүнө Акмаңдай ушунчалык ылдамдык менен чоңоюп бараткандай сезилип кетти. Колундагы мылтыгы акырын жылмышып жерге түштү. Аны баамдаган да жок. Аркардын көздөрүндө жалындап күйгөн өкүнүчтүн, сагынуунун, кусанын, ошого аралашкан каар менен кектин чачыраган учкундарын көрдү. Ушундан улам анын мизи кайтып, шалдырай түштү. Акмаңдай болсо ага улам жакындап келе жатты…

                                                                                    Мусакун  САТЫБАЛДИЕВ