2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум 30-июлда болот. Аны коргоп, ал үчүн төшүн тосуп жаткан «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму анын иши Кыргызстандагы жазык мыйзамдарын декриминализациялоого байланыштуу Чүй облустук сотунда караларын жар салды.  Процесс алгач 16-июлга белгиленип, ишти карачу соттук коллегиянын курамы толук эмес болгондуктан 30-июлга жылдырылган. Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан. Чынында Аскаровдун тилеги кыргыз эли үчүн жакшы эмес экени бештен белгилүү болуп калды. Андыктан ага эч кандай аёо болбошу зарыл. Ал эми Американын акырынан жем жеген “Бир дүйнө-Кыргызстан” уюмун башкарып жүргөн Төлөкан Исмаилованын Аскаровдун таламын талашып жүргөнүнүн өзү чыккынчыыкка тете иш эмеспи…

Булак:Багыт