Алча ооруну басат жана семирүүгө каршы колдонулат

Алча уйкунун бузулушун жөнгө салаарын билдиӊиз беле? Ал уйкуну гана жөнгө салгандан башка пайдалуу касиеттери өтө көп. Клетчаткага бай мөмө болгондуктан, таттуу токочтордун ортосуна гана кошуп койбой, аны уктатуучу каражат катары жегендер да бар. Сүт же алма ширесине караганда анын калориясы аз. Мисалы таттууну көп жеген адамдар клетчаткасы көп азыктарды да жегенди унутпашы керек. Себеби, таттууну көп пайдаланганда организмдеги канттын көлөмү абдан тез өсүп, кан тамырлардын иштешине кыйынчылык жаратат. Курамында С,В жана К витаминдери жана темир көп. Бул кандагы липиддик профилди жөнгө салып, атеросклероздун пайда болушуна бөгөт коёт. Ишемикалык ооруларга да өтө пайдалуу мөмө. Эгерде жыйынтыгын көргүӊүз келсе, 6 жума күнүнө 45 граммдан алча жеп турушуӊуз керек.

Алча сөөктүн туура эмес өсүшүн жөнгө сала алат. Эгерде ал диагнозду эрте билип калсаӊыз, балаӊызга дары-дармек процедуралардан сырткары алчаны көбүрөөк бергениӊиз дурус. Ашыкча салмак менен жабыркаган бөбөктөргө алчанын ширесин ичиришет. Анын курамындагы кызарткан антоциандар циклоокисгеназ жана ацетилсалицил кычкылын камтыганы үчүн уктатуучу жана ооруну басуучу касиетке ээ.

Анар ширеси карылыкты кечеӊдетет

Карылык – оорулардын саны арбыгандыктын белгиси катары каралат. Ошондуктан дүйнө жүзүнүн окумуштуулары карылыкты мүмкүн болушунча кечеӊдетүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Ошондой окумуштуулардын ачылышында анар ширесиндеги уролитин А заты булчуӊ ткандарынын абалын жакшыртат. Булчуӊду көп иштетип организмдин картаюусуна бөгөт коёт.

Бул изилдөө 2016-жылы чычкандарга жана курт-кумурскаларга сыналган. Жыйынтыгында курт-кумурскалардын 46%ы, чычкандардын  42%ы кеч карыган. Андан кийин 60 жаштагы 60 адамды сынап көрүшкөн. Аларды бир канча топко бөлүп, 200-500-1000 грамдан анар ширесин күнүгө берип турушкан. Жыйынтыгында күнүгө 500-1000 грам анар ширесин ичкен адамдар иштебеген митохондриядан арылышкан.

Козу карын кургак учукка каршы каражат

Кедей өлкөлөрдө козу карын кургак учукту дарылоочу каражат болуп калышы ыктымал. Себеби, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча кургак учук дүйнө жүзү боюнча өмүрдү алган оорулардын алдыӊкы катарында турат. Андай оору менен ооруган адамдарга Д витаминин жазып беришет. Бул оору айрыкча кедей өлкөлөрдө кулачын жаюуда дешет алар. Д витаминин сатып ала албаган өлкөлөрдө козу карындарды колдонсо болот. Себеби, козу карындын курамында Д витамини жетиштүү деӊгээлде.

Козу карындын кургак учукка пайдасы атайын изилдөөдө аныкталган. Ал изилдөөгө 32 бейтап катышып, 4 ай күнүгө аларга кургак учукка каршы дарылар менен кошо козу карындан жасалган нан берип турушкан. Жыйынтыгында бейтаптардын  97%ы Д витаминин жетиштүү алып, аталган оорудан айыгышкан. Ошондон кийин кургак учук менен жабыр тарткан адамдарга козу карындан нан жасап, аны жээрден мурун күүгө 1-2 саат кактап Д витаминин көбүрөөк алганга үйрөтүшкөн. 

                Самара САЛАМАТОВА