Казакстандын билим берүү тармагы боюнча вице-премьер министри Элмира Суханбердиевага карата соттун өкүмү чыкты. Казакстандын ЖМКлары Сот Суханбердиевага 16,2 миң доллар айып салынып, 30 миң долларлык үй-мүлкү камакка алынганын жазып чыгышты. Мурунку атка минер өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт жана мамлекеттик сыйлыктарынан да ажыратылды

Суханбердиева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык иштерди ийгиликтүү ишке ашырып келген.