Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул эки күн ичинде, ашыкча документтерсиз бериле баштай турганын “сүйүнчүлөп” билдирди.  Эми төрөгөн аялдын паспорту менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү гана жетиштүү болот. Мурун болсо, бул кагаздардан тышкары,  жашаган жеринен маалымдама жана банк эсебин ачуу талап кылынып келген. Сүйүнчү пулду «Айыл банк» же РСК банктан алса  болот. Сүйүнчү пул бир бала үчүн 4000 сом. Эгиз же үч, төрт эм төрөлгөндөрдүн ар бирине берилет. Акчаны үй-бүлөлүк шартына карабай, бардык жарандар алышат. 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү берилери айтылганы менен, бул маселеде да көп тоскоолдуктар жаралган.