Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен дайынсыз экендиги боюнча маалыматтар айтылып жатат. Облустук милиция 30-июнда Суусамырда Көкөмерен суусуна кулап кеткен жолтандабаста Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү болушу ыктымалдыгын кабарлаган. Машинеде Абдылдаевдин аялы, баласы небереси жана айдоочусу болгон.

Милиция Абдылдаевдин туугандарынын айткандарына таянып тараткан маалыматка караганда, «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү машинеде беш киши бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан. Алдына ала маалыматтар боюнча алар Ат-Башыга барып, андан ары Жумгал аркылуу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бараткандыгы айтылууда. Үч күндөн бери аларды элүүдөн ашуун куткаруучу издеп жатат.

Маалымат катары айта кетсек, 59 жаштагы Абдылдаев Ат-Башыда жарык дүйнөгө келген. 2000 жылдардан бери өкмөтт., презедиенттик аппаратта жооптуу кызматтарда иштеген. 2008-2010-жылдары өкмөттүн аппарат жетекчиси, 2014-2018-жылдары президенттин Жогорку кеңештеги өкүлү, 2018-жылдан бери, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси болуп иштеп жаткан.