Жогорку Кеңештин Каныбек Иманалиев деген «чоң жазмакер» депутаты элге, жерге кыйла эле белгилүү. Жердиги Кеминден. Аскар Акаевдин өкүл баласы. Ушул күнгө чейин бир топ китептин автору болду. Буга шарт түзө турган акчасы да арбын, кызматы да белен эмеспи. Анысына ичи тарлык жок. Чыгара берсин. Сезимди кытыгылаган жакшы ырларды да жаза калып жүрөт. Бирок кара сөз жанрына келгенде, Кудайды карабай туруп урдуруп коймой адаты бар экен. Анда сөз башынан болсун. Кыш айларында Каныбек мырзанын өзү жазган “Шабдан баатыр” романын алып: “Кыргыз тарыхына мен да кызыгып, аздыр-көптүр өз алдымча иликтеп жүрөм. Бул китепти окуп бүткөндөн кийин, сөзсүз пикир жазам” деп айткам. Шашпай окуп чыгып, эми минтип сөзүмө туруп пикир жазып, аны окурмандарга сунуштап турам. Деги эле кандай китеп болбосун, анын маани-маңызына жараша пикир айтылып, сын жазылат эмеспи. Ал эми тарыхый китеп кандай болгон учурда да тарыхтан алыс кетпеши керек. Тарыхый окуяларды, тарыхый инсандардын бейнесин жазууда көркөмдөө маселеси экинчи планда, ал эми негизги тарыхый чындык биринчи орунда болууга тийиш. Кыскасы, тарыхый чындыкты бурмалоого эч бир адамдын, эч бир жазуучунун укугу жок. Ал үчүн керт башы менен жооп берет. Бул илгертен калыптанган дүйнөлүк норма. Тарыхчылардын атасы аталган Геродот: “Тарыхты бурмалаган өлүмгө татыктуу” деп бекеринен айтпаса керек.
Иманалиевдин “Шабдан баатыры” көлөмү жагынан өтө чоң, жасалгасы жакшы. Формасы Сагынбай, Саякбай аталарыбыздын варианттары боюнча чыккан “Манас” китебине окшош. Жалпысынан 380 бет болгону менен, 600-700 беттен турган китептей сезилет. Бирок ошол 380 беттин жарымы, балким жарымына жакыны жалаң сүрөттөрдөн турат. Майда жана чоң сүрөттөрдүн саны эле 100гө чукулдап барат.

Айтор, китептин көп жеринде барактын жарымы сөз болсо, жарымы сүрөт дегендей. Көбү Шабдан баатырдын жана китепте сөз болгон тарыхый инсандардын абстрактуу сүрөттөрү. Бул жагын Каныбек мырза “Манас” китебине окшоштурайын десе керек. Мунусуна деле мейли, “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дегендей, китебине канча сүрөт чаптаса өз эрки. Китептин көркөмдүк деңгээли да анчалык көңүлгө толо бербейт. Сүйлөм түзүлүштөрү үзүл-кесил жана супсагыраак. Анан калса, Шабдан баатырга чейинки жана анын тушундагы тарыхый окуялардын көбү ирети менен эмес, чаржайыт берилиптир. Менин коомчулук үчүн, тарых үчүн айтайын дегеним негизинен бул эмес, такыр башка. Ал төмөндө:
Шабдан баатыр 1839-жылдан 1912-жылга чейин Чүй өрөөнүндө жашап өткөн атактуу тарыхый инсан. Өз доорунда кыргыз элинин тагдырын чечкен төбөлдөрдүн бири болгону эч талашсыз. Анын кандай адам болгонун, кулк-мүнөзү, элди кандай башкаргандыгы, кимдер менен мамиле түзүп, кимдер менен касташканы, үй-бүлөсү, аялдары, балдары, айтор ал тууралуу маалыматтарды жалпы кыргыз эли 100 пайыз толук билбесе да, 80-90 пайызга билет. Шабдан атабыздын өмүр жолун бир топ тарыхчыларыбыз эчак эле иликтеп-жиликтеп коюшкан. Мисалы, атактуу инсанды акыркы 100-150 жылдын ичинде бери болгондо 50-60 киши (тарыхчы, санжырачы, журналист ж.б. кесиптеги адамдар дейли) изилдесе, ошолордун соңунда Каныбек Иманалиев иликтеген болуп, архивдик материалдардан колдонуп жана көбүнчө өзүнүн фантазияларын кошуп, тарыхый-көркөм роман жазды. Муну өзү деле моюнга алат болуш керек. “Сөз чынынан бузулбайт” дегендей, бул романда Шабдан атабызды автор ашыкча мактаптыр. Бул тарыхый инсан негизинен мамлекет тарабынан дээрлик өз баасын алган жана алып жатат. Андыктан баатыр атабыз тууралуу тарыхый чындыкты бурмалап, аны адабияттын көркөм чындыгына “бастырып”, ашкере мактоо жакшы иш эмес. Андайга Шабдан атабыз муктаж да эмес. Кыскасы, автор 73 жашка чыгып кайтыш болгон Шабдан баатырды өз өмүрүндө пендечиликке такыр алдырбаган кудум эле пайгамбардан кем кылбай жана да анын айкөлдүгүнө, берешендигине эч бир чек жок кылып сүрөттөптүр. Анчалык байлык, тай туяк алтындар, үйүр-үйүр жылкылар Шабдан баатырга кайдан келген деген суроого тилекке каршы жооп жазылган эмес. Кошоматчылардан келгенин же салыктан чогулганын, же өзү мал топтоп бакканы тууралуу ынанымдуу маалымат жок. Негизи Шабдан атабыз байлык эмес, барк топтогон адам болгондугу ырас. Баатырдын байлыгы Иманалиевдин жазганына ишенсек, Эр Эшим хандын тушунда жашаган кадимки сан жылкылуу Түгөл байдын маалынан кем эмес болгондой. Айтор, баатыр атабыз бул китепте кайда барбасын алдынан чыккан бейтааныш адамдарга, мусаапырларга, жардыларга, ал тургай малга муктаж эмес байларга, бийлерге, мал үмүтөтүп келген казактарга, ондогон жылкыларды же тай туяк алтындарды байма-бай кармата берет. Буга чынында таң калбай коюуга мүмкүн эмес.


Тарыхтан белгилүү болгондой, Шабдан атабыз элге колу ачыктыгы, калыстыгы, эл башкаргандыгы менен “баатыр” атка конгон. Каныбек мырза муну башкача түшүнүп алганбы, айтор Шабдан атабызга көп учурда кылыч чаптырып, найза сайдырып, жүрөктүүнүн жүрөктүүсү, накта баатыр кылып баяндайт. Мисалы, Шабдан баатыр Кокон хандыгында кызмат өтөп жүрүп, 1860-жылы Кокон сарбаздары менен орус аскерлери Узун-Агачта согушканда, ошончо 20 миңден ашуун колдон жалгыз гана Шабдан баатыр баатырдык көрсөткөн деп жазат. Калгандары орустардын мөндүрдөй жааган огунан оолак качып берсе, Шабдан атабыз октон да жалтанбай, ошончо аскерге жалгыз даңаза болуптур. Мен мындай маалымат кыргыздын кайсы тарыхында бар экенин таппай койдум. Узун-Агачтагы ал айкашта дал ушундай болгонун мен кыйын деген тарыхчылар да тастыктап бере албас. Кыскасы, бул жагы көркөмдүк жомок. Мындан тышкары, Шабдан атабызды атактуу Тайлак баатыр атабыздын баласы Осмон датка менен найза сайыштырып, ага үстөмдүк көрсөттүрүп койгондугу да чындыкка анчалыкка дал келе бербейт. Чынында Осмон датка атасын тартып баатыр адам болгондугунда талаш жок. Муну Каныбек мырза билбесе, Нарын эли, айрыкча Ак-Талаа эли эң сонун билет. Ал кылыч чаап, найза сайып, жаа атып, көп эле салгылаштарда баатырдык көрсөткөн. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Негизи тарыхта деле, санжырада деле Шабдан менен Осмон датка бири-бири менен найзалашкан эмес. Бирок санжырада Шабдандын Осмондун өзү менен эмес, анын иниси менен чала – була найзалашканы айтылып жүрөт. Иманалиев бул китепте Шабданга аз эле жерден Осмонду оңкосунан сайдырып кое жаздайт экен. Учурда “Шабдан баатыр” киносун режиссер Эрнест Абдыжапаров тарабынан тартылганы турат, ал жазган сценарийде Шабдан атабызга Осмон датканы сайдырып, оңкосунан кетирип койгон. Ал эми кыргыз тарыхтан да, санжыралардан да Шабдандын жигити Баяке карамүртөз, “бөрк ал десе, баш алган” инсан болгондугун баарыбыз жакшы билебиз. Шабдан атабыз Баякенин акылга сыйбаган жоруктары үчүн далай жолу уялып, айрым кездерде өзүнө да сөз тийген учурлар болгону тарыхый чындык. Бирок автор Баякени бул романда башкача жазган тарыхый чындыктан алыстатып, айтор болушунча “кооздогон” экен. Бул дагы эч нерсе эмес, мындан да кызыктарды төмөндө окуйлу.

Аксакалдын арбагы уруп кетпейби…

Шабданды Шабдан кылгандардын бири – бул кадимки Байзак баатыр экени эч талашсыз. Буга далил болчу көп себептер бар. Байзак баатыр Шабдандан он эки жашка улуу болгону эчактан бери айтылып келет. Шабдан Байзактын ар дайым кара кылды карк жарган калыстыгын, даанышмандыгын, калк ичиндеги кадырын, бир чети таяке (Шабдандын энеси Баалы Жумгалдан болгон) катары да өтө катуу ызааттап, анын астынан эч кыя өткөн эмес. Экөө көп учурда үзөңгүлөш жүрүшкөн. Байзак Шабданды Алайда Курманжан датканын кишилери аз жерден өлтүрүп кое жаздаганда куткарып калгандыгы тарыхый маалыматтарда, санжыраларда көп эле айтылып жүрөт. Ошондой эле, Шабдан ар дайым болбосо да, көп учурда Көтмалдыдагы (азыркы Балыкчы шаары) Чоң Топту Байзаксыз баштатпай, ал бир күн же жарым күн кечигип калса “Байзак келсин” деп, ошончо элди күттүрүп койчу экен. Бул Байзактын Шабданга болгон эки гана таасири. Тилекке каршы, Каныбек мырзада Байзак баатыр тууралуу эч деле маалымат жок окшобойбу, болсо да ар кимден тескери маалымат топтогонбу же даңазасы таш жарган Байзакты Шабдандын алдында басынтып коеюн дегенби, айтор өзүнүн романында Байзакты “кара мүртөз, күлүк аттын кумарпозу, жакпаган адамдардын баарын жок жерден айыпка жыктырып, сабатып турган ж.б.” деп өтө эле одоно сүрөттөйт да, бир жеринде Шабдандан 3-4 жаш кичүү десе, дагы бир жеринде он жашка улуу деп тантыйт. Негизи эле Шабдан менен Байзактын жаш айырмасын тыңыраак билбеген адам, Байзак баатыр тууралуу эмнени билет эле деген суроо аргасыздан туулат. Байзак баатырды биз ашыкча мактоодон алыспыз. Ал дагы мактоого муктаж эмес болгону менен, мамлекеттен эмдигиче өз баасын ала элек тарыхый инсан. Бул романда автор Байзак баатырга: “Казактардын бир күлүгүн сен Шабдан мага ыраа көрбөй койдуң, эми жүзүңдү өлгөндө көрөйүн” деп Шабданды каргап-шилеп коюптур. Бул “жомокту” Иманалиевге ким айтканын ким билсин, ким айтса да ага далил жок. Ойдон чыккан көркөм окуя болуп жатпайбы. Чынында Байзак баатыр күлүк ат үчүн таарынбаган, андай майда-барат турмуштук көрүнүштөрдөн бийик турган инсан болгондугун Иманалиев билбесе да, жалпы кыргыз эли жакшы билет. Дагы бир кызыгы, өткөн жылы Каныбек мырза Жумгалда болуп өткөн Байзак баатырдын 185 жылдык тоюнда Байзакты жерге-сууга тийгизбей, бапылдап айда мактаганын өз кулагым менен уккам. Ал тургай ал ЖМКларда да чагылдырылган. Бирок бул китепте андай мактоонун бири да жок. Адамдын эки жүздүүлүгү дал ушундайда билинет эмеспи. Жазат деген ушу деп жаза бербей, тарыхый роман жазасыңбы, демек көркөмдүктүн чындыгына таянбай тарыхый чындыкка таянып жазуу абзел эмеспи. 
Кыргыз элинин 19 кылымда жашап өткөн эң атактуу найзакер, үч эмдин уулуусу кадимки Аксакалды (азандагы аты Солтонкул) автор 1912-жылы өлгөн Шабдан баатырдын чоң ашында Жусуп деген найзакер менен сайыштырып, жыйынтыгында жылдыз толгондо экөөнү тең өлтүрүп коюп жатат. Аксакал атабыз 1869-жылы туулуп, 1948-жылы өлгөн инсан. Өз өмүрүндө 36 жолу эр сайышка түшүп, анын дээрлик баарында жеңишке жетип, 8 найзакерди өлтүргөндүгү маалым. Колхоз-совхоздоштурууга активдүү катышкан адам. 1948-жылы кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Фрунзеге Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 24 жылдык мааракесине ардактуу мейман катары чакырылган. Ал Каныбек мырза өз романында жазгандай Шабдандын ашында, 1912-жылы өлгөн эмес. Учурда анын туугандары Жумгалдын Байзак айылында жашашат. Иманалиевдин “Шабдан баатырындагы” эң чоң ката, болгондо да кечирүүгө мүмкүн болбой турган каталардын бири ушул. Негедир, бул тууралуу, деги эле бул китеп тууралуу буга 
чейин эч ким, ак же көк деп ооз ача элек эле. Иманалиев абийири болсо жаңылганы мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурашы керек. 
Китепке баш сөз жазган тарыхчылар Ташмамбет Кененсариев, Дөөлөтбек Сапаралиев, Аскар Беделбаевдер да ушундай оркойгон каталарга көз жумуп койгондору да кызык болуптур. Бирок, адамды укмуш жайпай билген Каныбек мырза баш сөздү өзү эле жазып туруп, бу белгилүү тарыхчыларга кадырын салып жатып, алардын айткандарына кайдыгер карап, макул кылып алса керек. Болбосо, Аксакалды Кененсариев менен Беделбаев жакшы билбесе да, Дөөлөтбек байкебиз жакшы билиши керек эле. Себеби ал өзү Байзак менен Аксакал жашап өткөн Кайырма айылына жакын айылдан болот. Анын үстүнө бул тарыхчы байкебиз Казакстан, Россияга чейин барып архивдерди аңтарып, кыргыздын жеке тарыхый инсандарын терең изилдеп, жакшы эмгектерди жазып жүрбөйбү.

Автор Айбек Шамшыкеев

PS^ Окурмандардын эсине: Мындан бир нече жыл мурун жазылган.