БУУнун докладында 2050-жылга карай Жер шаарында 9 миллиард 700 миллиондой киши жашап калары,  бирок калктын өсүү темпи төмөндөп, бир топ өлкөлөрдүн эли картайып баратканы айтылды. Документте Индия 2027-жылга барып калк жагынан Кытайдан озуп чыгары, Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдө калктын саны эки эсеге өсөрү белгиленген. Индиядан тышкары Пакистан, Нигерия, Конго демократиялык республикасы, Эфиопия, Танзания, Индонезия, Египет жана АКШда калктын саны көбөймөкчү. Ошол эле маалда глобалдык алкакта балдардын төрөлүшү азаят. 1990-жылы бир энеге 3 бала туура келсе, быйыл 2 бала болгон. 2050-жылы бир энеге 262 бала туура келет деп болжолдонууда. Калктын улгайышы социалдык камсыздоо, пенсия жана саламаттыкты сактоого көбүрөөк акча сарпталат дегенди билдирет.