Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун жалгыз уулу 37 жаштагы Сердар Бердимухамедовду  Ахал провинциясынын губернатору кылып дайындады.
 Ахал провинциясы — мурдагы Ашхабад облусу. Быйыл жыл башынан бери  Сердар Бердимухаммедов облус жетекчисинин орун басары болуп иштеп келаткан. Ал куралдуу күчтөрдүн подполковниги. 2016 жылы президенттин уулу парламентте депутаттык мандатка ээ болгон. 2018-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Акыры Сердар мырза, атасынын мураскери болуп калары айтылууда.