Президент Жээнбеков УКМКнын төрагасы кылып, Опумбаев Орозбекти дайындады. Бул адам буга чейин ушул эле атайын кызматта төраганын орун басары болуп иштеп келген. Мурунку төрага Идирис Кадыркулов кызматтан алынган соң, төрага боло тургандардын ана башында Опумбаевдин талапкерлиги айтылып келген. Акыры ишке ашты. Полковник Опумбаев 2008-2011-жылдары УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгын башкарган. 2011-2013-жылдары өкмөттүн коргонуу, тартип жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүн жетектеген. 2014-2018-жылдары УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгын жетектеп турган. Өткөн жылдын октябрь айынан бери УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп келген. Опумбаев буга чейин коомчулукка анчалык белгисиз болуп келген. Тажрыйбасы деле жетиштүү экен. УКМКны гүлдөтөбү, же өзүнөн мурунку жетекчилеридин жолун жолдоп, элге жек көрүнөбү, аны убакыт көрсөтөт.