Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 11-июнда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши каралды. Адвокат Икрамидин Айткулов «Азаттыкка» билдиргендей, сотто прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга эркинен ажыратууну жана ага 100 миң сом өлчөмүндө айыппул салууну сурады.

Жараянда тараптардын жарыш сөзү болду. Кийинки териштирүүдө айыпталуучуга акыркы сөз берилет.

— Келээрки жараян 19-июнга белгиленди. Конгантиев акыркы сөз айткандан кийин сот чечими чыгат. Азыр айыпталуучунун акыркы сөзү эле калды, — деди Айткулов.