Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов орой мамиле жасаган журналист социалдык тармактагы баракчасына билдирүү төмөндөгүдөй билдирүү калтырып, аны колдогондорго ыраазычылыгын билдирди:

«Мени колдогон бардык кесиптештериме, досторума, тааныштарыма жана тааныш болбосо дагы колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгымды билдирем. Жарандык активисттерге, медиа бирикмелерине рахмат айтам. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов менен болгон маек толугу менен сакталып калган. Жазылып калган видеодон Туйгунаалы Абдраимовдун жасаган мамилесине баа берсе болот. Мен өзүмдүн, кесиптештеримдин дарегине карата айтылган негативдүү комментарийлерди окудум. Ал үчүн кесиптештеримден кечирим сурайм. Туйгуналы Абдраимовдон комментарий алайын деп барганыңар үчүн силерди саткын деп айыпташты. Алар силердин журналисттик колдоо кылганыңарды, адам катары өзүңөрдүн намысыңарды коргоп жатканыңарды билген жок. Өкмөт өкүлү жөнөкөй жарандардын маселесин карап жатканда алардын кебетесине карабайт деп ишенем», — деп жазылат.

Эскерте кетсек 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда суроолорго кыскача жооп берип жатып, журналисттин «Эмнеге?» деген суроосуна ал «ырайыңыз жаккан жок» деп орой мамиле кылгандан кийин, коомчулукта сынга кабылып, кийинчерээк андан жөнөкө жаран катары кечирим сурайм деген эле.