Кыргызстандыктар Эл аралык хоккей федерациясы менен болгон териштирүү иштеринин жыйынтыгында өз чындыгын коргоп калды.

Кыргызстан хоккей боюнча биринчи ирет дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылдын 1-17-май аралыгында Цюрих менен Лозаннада (Швейцария) өтөт.

Эскерте кетсек, апрел айында өткөн мелдеште кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмирлигинин командасын женип, дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк бермек.

Бирок хоккей боюнча Эл аралык федерация улуттук команданын курамында Россияда ойногон Александр Титов да болгон деген негиз менен буга чейинки төрт жеңишти жокко чыгарып салган. Ал эми Кыргызстандын федерациясы апелляцияга берип, өз чындыгын далилдей алды.