Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Сокулук районунун аймагында бакта асылып турган 2 адамдын денеси табылганын кабарлады
Маалыматта: 25-майда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан билдирүү түшүп, милиция кызматкерлери айылдын четиндеги бакта асылып турган 2 жансыз денени табышкандыгы айтылат.

Көп өтпөй маркумдардын өздүгү такталып, бири — Сокулук районунда жашап жаткан 19 жаштагы М.Ш. экинчиси — Нарындагы Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Д.А. экени белгилүү болгон. 

Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.