Жол тандабас унаада курал кармап, атылган кекиликтерди көтөрүп сүрөткө түшкөн адам тууралуу маалымат тарады. Ал октон каза болгон жергиликтүү кеӊештин депутаты экендигин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Баткендеги өкүлчүлүгү тастыктаган.

Маалыматта: аталган сүрөт жакында интернетте тарап, ал адам изделип баштагандыгы, жыйынтыгында сүрөттөгү адам Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты К.Б. экендиги аныкталгандыгы айтылат. Ал 2018-жылы аркасынан атылган октон каза болгон.